«Freedom House» Атамбаевдин ЖМКга каршы доо арыздарын «саясатка негизделген» деди

Эл аралык «Freedom House» укук коргоо уюму Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ЖМКга жана укук коргоочуларга каршы доо арыздары «саясатка негизделген» деп билдирди. Укук коргоочулар бийликтен эркин ЖМКларды куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда.

«Freedom House» уюмунун Европа жана Евразия боюнча программаларынын директору Марк Берендт Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө жолтоо болуп жатканын билдирди.

«Кыргыз мамлекети өлкөдө демократиянын өнүгүшү үчүн милдеттүү болгон институттарга түздөн-түз кол салып жатат. «Freedom House» бийликтен башкача ой айткан эркин ЖМКлар менен укук коргоочуларды куугунтукка алууну токтотууну өлкөнүн бийлигинен талап кылат», — деди Берендт.

Анын айтымында, президенттин ЖМКга жана жарандык активисттерге каршы бардык доо арыздары «саясатка негизделген».

Кыргызстандагы курамына 200дөн ашуун өкмөттөн эркин уюм кирген Жарандык көзөмөл комитети да бийликтин жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын аракеттерин сынга алды.

Укук коргоочулар ЖМКга каршы доо арыздардын айынан сөз эркиндигинин рейтингиндеги Кыргызстандын позициясы төмөн түшкөн деп эсептешет.

«Журналисттерге жана коомдук ишмерлерге каршы доо арыздардын мурда болуп көрбөгөндөй күч алышы “президенттин тегерегинде терс коомдук пикир жаратып, кырдаалды курчутту”, эл аралык резонанска түрткү болуп, президенттин аброюна жана Кыргызстандын демократиялык мүнөздөмөсүнө өтө чоң зыян келтирди», — деп билдирди Комитет.

Мындай билдирүүлөргө Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаеванын эки ЖМКга — «Заноза» менен «Азаттык» үналгысына каршы берген доо арыздары себеп болду.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы 2017-жылдын мартында жана апрелинде «Азаттык» үналгысына каршы эки, «Заноза» басылмасына каршы беш доо арыз берген.

«Занозага» каршы доо арыз боюнча жоопкер катары басылманын тең түзүүчүлөрү Нарын Айып (Нарынбек Идинов) менен Дина Маслова, ошондой эле укук коргоочу жана мурдагы депутат Чолпон Жакупова өтүүдө.

Жалпысынан башкы прокурор бардык жоопкер тараптардан 50 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: