Бийлик жер титирөөдөн зыян тарткан райондордо чатыр мектептерди ачат

Билим берүү министрлиги жер титирөөнүн айынан үч мектеп авариялык абалга келген Ош облусунун Чоң-Алай районунда чатыр мектептерди ачат.

Чатыр мектептер 10-майда ачылат, алар авариялык абалда калган окуу жайларынын аймагына орнотулат.

Окуу жылынын башында Шибээ айылында авариялык абалда калган мектептин ордуна жаңысы курулат, дагы башка эки мектеп башынан баштап оңдотулат.

Кыргызстандын түштүгүндө 3-майдан 8-майга чейин ар кандай магнитуда менен 16 жолу жер титиреген.

Мектептерден тышкары, 500дөн ашуун үй жана оорукана да авариялык абалда калды. Жабыркаган райондордо 544 чатыр тигилип, ал жакка 3136 жергиликтүү тургун жайгаштырылды.

Мындан тышкары, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Ош облусунун бир нече жер көчкү түшкөн Өзгөн районуна барып келди.

Жалпак-Таш айылындагы мектеп жер көчкү коркунучу бар жакта жайгашкан, андыктан анын окуучуларын коңшулаш окуу жайларына бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


ТЕМА БОЮНЧА: