Ысык-Көлгө Ташкен менен Новосибирсктен учактар каттайт

Туристтик сезон маалында Тамчыдагы аба майданына Новосибирск менен Ташкенден учактар каттайт.

S7 Airlines авиакомпаниясы туруктуу Новосибирск-Тамчы каттамын ачууну пландап жатат. Учактар 7-июндан тартып шаршемби жана жума сайын каттап турат. Учуу убактысы 2 саат 50 мүнөт болот.

Өзбекстандын Diplomatic VIP и Travel Service компаниясы да 5-июлдан тартып 30-августка чейин Ислам Каримов атындагы аба майданынан Тамчыдагы «Ысык-Көл» аба майданына учак каттай турганын билдирди.

Учак Ташкен-Тамчы-Ташкен каттамын шаршемби сайын жүргүзөт. Учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Эконом класстагы билеттин баасы барып кайра келгенге 340 доллар турат.

Туристтик сезон маалында Ысык-Көлгө Астанадан, Алматыдан жана Шымкенттен келчү каттамдар да кайрадан жаңыртылат.


ТЕМА БОЮНЧА: