Атамбаев «Азаттыкка» каршы доо арызын кайтаргысы келет

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго мамлекет башчысы тууралуу «жалган маалымат таратты» деп айыпталган «Азаттык» үналгысына каршы доо арызды кайра чакыртып алууну сунуш кылды. Президенттин администрациясы журналисттерге каршы доо арыздар «улуттук маалымат мейкиндигин жакшыртканын» билдирди.

Президент «Азаттык» үналгысына каршы доо арыздарын кайра чакыртып алуу жөнүндө өз чечимин акыркы убакта ал «тең салмактуу жана ойлонулган» материалдарды чыгарып жатканы менен түшүндүрдү.

«["Азаттык" үналгысынын директору менен] жолугушуудан берки мезгилде "Азаттык" радиосунун эфирине чыккан жана анын интернет-сайтына жарыяланган материалдарда тең салмактуулук жана калыстык камсыздалып, оң көрүнүштөр болду», — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Президенттин администрациясы журналисттерге каршы миллиондогон доо арыздар медиа-коомчулуктун жанданып, өз ишинин сапаты тууралуу талкууну баштаганга жем таштады деп билдирди.

«Президент Алмазбек Атамбаевдин ою боюнча, медиа-жамааттардагы бул процесстер улуттук маалымат мейкиндигин өркүндөтүүгө жана тазаланууга жол салууда», — деп эсептешет мамлекет башчысынын аппаратындагылар.

Президенттин администрациясынын басма сөз катчысы Алмаз Үсөнов президенттин «Занозага» каршы доо арызы сотто дагы эле каралып жатканын билдирди.

«Эч кандай өзгөрүү жок, азыр “Занозага” каршы сот жүрүп жатат», — деп ырастады Үсөнов.

Атамбаевдин доо арызды кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушу Кыргызстанга «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кент келип, президент менен жолугушуп кеткен соң бир жарым айдан кийин болду.

Бирок анда тараптардын бирөө да Атамбаев менен Кент жолугушуунун жыйынтыгында кандай тыянакка келишкенин ачыкка чыгарган эмес.

ЖМКга каршы доо арыздар

Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылы марттын башында Атамбаевдин ар-намысын коргоп «Азаттыкка» каршы эки доо арыз берген.

«Азаттык» үналгысы президенттин ар-намысына доо кетирген маалыматты таратты деп айыпталган.

Башкы прокуратуранын бул басылмалар менен соттошуусуна себеп болгон макалалар Атамбаевдин башкы сынчысы, оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын билдирүүсүн камтыган.

Алар Бишкектин жанында кулап түшкөн Түркиянын жүк ташуучу «Боинг-747» учагындагы асыл таштар, электр техникасы жана акча президенттин үй-бүлөсүнө таандык экенин айтышкан. Кийинчерээк Түркия буга жооп катары Текебевдин адвокаттары көрсөткөн документтер жасалма экенин расмий түрдө билдирген болчу.

Доо арыздын берилишине себеп болгон экинчи материал — Атамбаевдин Кипрдеги ишкерлик кызыкчылыгы тууралуу оппозициячы Текебаев менен болгон маек эле.

Башкы прокурор «Азаттыктан» бул материалдар үчүн 20 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура айыптоочу тараптын пикири боюнча Атамбаевге моралдык зыян тийгизди деген ар кандай материалдар үчүн «Занозага» каршы беш доо арыз берген. Жалпысынан басылмадан 15 миллион сом дооланып жатат.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: