Ислам тилектештик оюндары: Кыргыз дзюдочулары төрт байге утту

Дзюдочу Юрий Краковецкий бул күндөрү Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын алты медалын утуп алды. Курама команданын пайдасына Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов жана Владимир Золоев да үч коло медаль алып келишти.

Бакуда (Азербайжан) Ислам тилектештик оюндары башталды. Мелдештин биринчи күндөрүндө Кыргызстандын курама командасы төрт медалга ээ болду. Кыргыз дзюдочулары бир алтын жана үч коло медаль утушту.

Биринчи алтын медалды курама командага дзюдочу Юрий Краковецкий алып келди. Спортчу 100 килограммга чейинки салмак категориясында күрөштү. Кыргызстандык балбан чейрек финалда эле Марокконун өкүлүн утуудан баштады. Жарым финалда болсо Краковецкий казакстандык Эламан Ергалиевди жеңип алды.

Дзюдочу Юрий Краковецкий Кыргызстандын курама командасына алтын медаль алып келди.

Чечүүчү кармашта спортчу өзүнөн 40 килограммга оор алжирлик Надииб Теммар менен беттешти. Бирок ошого да, жарым финалдык беттеште алган жаракатына да карабастан Краковецкий Кыргызстан үчүн Ислам тилектештик оюндарынын алтын медалын жеңип чыкты.

Мелдештин биринчи күнүндө коло медалга Отар Бестаев ээ болду. Дзюдо боюнча 60 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдеште кыргызстандык балбан адегенде Сириянын өкүлүн жеңип, андан соң Мароккодон келген спортчуну утуп алды.

Үчүнчү орун үчүн мелдеште Отар Бестаев казакстандык Бауржан Жаунтаевден мыкты чыгып, мелдештин коло медалын тагынды.

Турнирдин финалы үчүн таймашта кыргызстандык балбан азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды, бирок үчүнчү орун үчүн беттеште Казакстандан барган Бауржан Жаунтаевди жеңип чыгып, оюндардын коло медалына ээ болду.

73 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдеште курама командага Бектур Рысмамбетов да коло медаль алып келди. Кыргызстандык балбан Индонезия менен Гамбиянын өкүлдөрүнө каршы ийгиликтүү күрөштү.

Бектур Рысмамбетов коло медаль үчүн таймашта өзбекстандык Гийосжон Бобоновду жеңип алды.

Жарым финалда Рысмамбетов түркиялык спортчуга уттуруп жиберди, бирок андан соң сооротуучу мелдеште Иорданиядан барган дзюдочуну утуп алып, коло медаль үчүн беттешүүдө болсо өзбекстандык Гийосжон Бобоновду жеңип чыкты.

Дзюдо боюнча турнирдин үчүнчү коло медалын 81 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн Владимир Золоев да камсыз кылды. Биринчи беттешүүдө кыргызстандык балбан Иорданиянын өкүлүн жеңип чыгып, андан соң Катардын балбанын да утуп алды.

Дзюдо боюнча турнирдин үчүнчү коло медалына Владимир Золоев ээ болду.

Финалга чыгыш үчүн таймашта Золоев ирандык балбан менен беттешип, ага утулуп калды. Коло медаль үчүн ал Сириянын өкүлү менен күрөшүүгө туура келди. Золоев беттешүүнү утуп чыгып, жыйынтыктоочу эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасы аз жерден медалга жетпей калды. Ксения Бельдягина (57 килограммга чейинки салмак категориясында) жана Мээрим Момунова (63 килограммга чейинки салмак категориясында) сооротуучу турнирдин беттешүүлөрүн уттуруп жиберип, өз салмак категорияларында бешинчи орунда калышты.

Ислам тилектештик оюндары Бакуда (Азербайжан) 12-майдан 22-майга чейин өтүп жатат.

Сүрөт: Кыргызстандын Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитети


ТЕМА БОЮНЧА: