Кыргызстандыктар Түркияда дзюдо боюнча Гран-принин күмүш медалдарын утуп алышты

Юрий Краковецкий менен Бектур Рысмамбетов Түркияда өткөн дем алышта уюштурулган Анталиянын дзюдо боюнча Гран-присинин күмүш медалдарын утуп алышты.

Мелдештин биринчи күнүндө татамиге үч кыргыз дзюдочусу: Сагынбай уулу Эламан, Бектур Рысмамбетов жана Ксения Бельдягина чыкты.

Бектур Рысмамбетов.

66 килограммга чейинки салмак категориясында турнирдин күмүш медалына Бектур Рысмамбетов ээ болду. Финалдын ⅛ бөлүгүндө кыргызстандык балбан Гран-принин оюн ээсинин өкүлү Эртугрул Донмезомды утуп чыкты.

Чейрек финалда Рысмамбетов Тумурхулег Даваадоржду, андан соң жарым финалдык таймашта казакстандык Азамат Мукановду жеңип алды. Финалда алтын медаль үчүн таймашты Рысмамабетов орусиялыкы Абдулжалилов Абдулга уттуруп жиберди.

Бектур Рысмамбетов жана анын күмүш медалы.

Кыз-келиндер арасында 57 килограммга чейинки салмак категориясында Ксения Бельдягина турнирдин коло медалына бир кадам калганда алдырып жиберди. Үчүнчү орун үчүн беттешүүдө кыргызстандык дзюдочу Улуу Британиянын өкүлү Бекке Лайвесиге уттуруп койду.

Мелдештин биринчи күнүндө Сыганбай уулу Эламан да өз өнөрүн көрсөттү. 60 килограммга чейинки салмак категориясындагы жыйынтыктоочу эсепте бул спортчу жетинчи орун алды.

Юрий Краковецкий жана анын күмүш медалы.

Мелдештин үчүнчү күнү Кыргызстандын курама командасына экинчи күмүш медаль алып келди. 100 килограммдан ашкан салмак категориясында татамиге Юрий Краковецкий чыкты.

Финалдын ⅛ бөлүгүндө кыргызстандык балбан орусиялык Тамерлан Башаевден күчтүүрөөк болуп чыкты, ал эми чейрек финалда Түркиянын өкүлү Семих Адияманды утуп алды. Финалга чыгыш үчун беттешүүдө Краковецкий Азербайжандын өкүлү Ушанги Какаурини жеңип алды.

Турнирдин алтын медалы үчүн күрөштө Краковецкийге Риодогу Олимпиада оюндарынын чемпиону, Чехиядан келген Лукаш Крпалек каршы турду. Спортчулар беттешүүнүн аягына чейин тең чамал эле келишти. Бирок кыргызстандык балбан чех спортчусунун чабуулун акыркы мүнөттөрдө өткөрүп жиберип, мелдешти уттуруп койду да турнирдин күмүш медалына ээ болду.

Апрелдин 7синен 9на чейин өткөн мелдешке дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн келген 252 спортчу катышты.

Сүрөт: IJF (International Judo Federation)


ТЕМА БОЮНЧА: