«Бишкекбашкыархитектура» сейсмикалык жактан кооптуу үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат берген

«Бишкекбашкыархитектуранын» кызматкерлери имарат сейсмикалык жагынан кооптуу болгонуна карабай үйдүн курулушуна уруксат берип коюшкан. Ленин районунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Ленин районунун прокуратурасы «Бишкекбашкыархитектуранын» кызматкерлерине каршы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Прокуратуранын  версиясы боюнча, муниципалдык ишкананын кызматкерлери Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү сейсмикалык жактан кооптуу үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат беришкен. Алар үстүнө көп кабаттуу үй тургузулганы жаткан жертөлөнүн түзүлүшү сейсмикалык жактан кооптуу экенин билишкен.

Адегенде «Бишкекбашкыархитектура» курулуш ээсинде долбоордук документтер жана эксперттердин корутундусу жоктугунан улам курулушка уруксат берүүдөн баш тарткан.

Бирок кийин белгисиз себептерден улам муниципалдык ишкананын кызматкерлери курулушка уруксат беришкен.

«Азыркы учурга карата курулуш ээси кандайдыр шаар куруучулук жана долбоордук документтери, Мамэкспертизанын корутундусу жок эле көп кабаттуу турак үй салып салган», — деп билдирет прокуратура.

Жер үлүшүнүн ээси болуп Э. Чомоев жана «Стройкомплекс проект» компаниясы, курулуш ээси болуп «Альянс Курулуш» фирмасы эсептелет.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: