Президенттик шайлоо: Өз алдынча байкоочуларга даттанууга тыюу салганы жатышат

Camera 360

Кыргызстандын укук коргоочулары «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү президенттик шайлоону ачык өткөрүүгө жолтоо кылаарын билдирип, аларды кайрадан карап чыгууну талап кылышты. Өз алдынча байкоочуларга тиешелүү боло турган өзгөртүүлөр баарынан катуу нааразылык жаратты.

Парламент депутаттары «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизиле турган ар кандай түзөтүүлөр боюнча демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алышты.

«Адилет» укуктук клиникасынын өкүлү Бектур Осмонбаев парламенттегилер коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларынын шайлоодогу укугун чектегиси келип жатышканын айтты.

Түзөтүүлөргө ылайык өкмөттөн эркин уюмдардын байкоочуларына шайлоо участокторунда нары-бери жүргөнгө тыюу салынат. Түзөтүүлөр боюча бир уюмдан бир участокто бирден гана байкоочу болушу керек.

Осмонбаевдин айтымында, бул байкоо жүргүзүүгө жолтоо кылат, анткени бир байкоочу дароо «эки жакка карап», бюллетень ыргытууга жол берилбешине көз сала албайт.

«Түзөтүүлөрдүн авторлору "коомдук уюмдардын байкоочулары сүйлөшүп алып, өздөрү шайлоого таасир этиши мүмкүн" деп эсептешет. Бирок бул болбогон кеп! Өкмөттөн эркин уюмдардын байкоочулары — саясий партиялардын жана президенттикке талапкерлердин өкүлдөрүнөн айырмаланган, кызыкчылыгы жок кишилер», — деди ал.

Мындан тышкары, байкоочулар үчүн аккредитация киргизилип жатат, бул болсо укук коргоочулардын пикиринде административдик бөгөттү пайда кылат.

Депутаттар байкоочуларга шайлоо комиссияларынын чечимдерине же аракеттерине каршы даттанууга тыюу салгысы келет. Осмонбаевдин пикиринде, бул байкоочунун ишинин маңызын жокко чыгарат.

«Анда байкоочу бузумдарды каттаган менен алар тууралуу даттана албай калат», — деди ал.

Депутаттар кыргыз жарандарына Кыргызстандагы шайлоолордо эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөнгө тыюу салгысы келет.

Негиздемеде депутаттар өкмөттөн эркин уюмдардын байкоочуларынын ишин чектегиси келип жатышканын, анткени алар да Кыргызстандын жарандары болгондуктан шайлоого укугу бар экенин белгилешет. Демилгечилердин пикиринде байкоочулар өзүнүн кайсы бир талапкерди колдоо укугунан кыянаттык менен пайдаланып кетиши мүмкүн.

Демилгечилердин баамында байкоочулар айрыкча шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана аракеттерине каршы даттануу укугунан кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн.

Интернетти жөнгө салуу

Жаңы түзөтүүлөр мыйзамга «Интернет», «интернет-басылма» жана «уникалдуу кирүүчү же уникалдуу IP-дареги бар кирүүчү» деген түшүнүктөрдү киргизүүдө.

Интернет-басылма деп суткасына 500дөн ашуун уникалдуу колдонуучу кирген сайттар эсептелмекчи. «Интернет-басылма» деген түшүнүккө интернет-блогдор жана коомдук түйүндөрдөгү колдонуучулардын жеке баракчалары кирбейт.

Түзөтүүлөрдүн демилгечилери бул ченем шайлоо учурунда Интернеттеги үгүттү жөнгө салууга жардам берет деп эсептешет.

Бирок укук коргоочулардын пикиринде Интернетке байкоо жүргүзө турган атайын орган жок. «Медиа өнүгүү борборунун» юристи Нуржан Мусаева депутаттар интернет-басылмаларды шайлоо учурунда гана жөнгө салууну сунуш кылып жатышканын айтты.

Бирок, анын айтымында, жөнгө салуунун механизми жазылган эмес, түшүнүктөр гана саналып өткөн.

«Аларды эмне кылыш керек? Кантип иштеш керек? Анын баары жазылган эмес. Бизде “Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзам бар, Интернет тууралуу кошумчалар менен түзөтүүлөр ошол жакка киргизилиши керек, бирок шайлоону жөнгө сала турган конституциялык мыйзамга киргизилгени туура эмес. Бул жерде карама-каршылык келип чыгат», — деди ал.

Түзөтүүлөрдү кайра карап чыгуу

«Таза шайлоо үчүн» консорциумунун координатору Динара Ошурахунова киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн «Интернет» түшүнүгүн алып салып, байкоочулар тууралуу түзөтүүлөрдү кайра карап чыгыш керек экенин айтты.

«Биз азыр, президенттик шайлоонун астында, алар мыйзамга киргизип жаткан бул түзөтүүлөрдү кайра четке какпай турганын түшүнүп турабыз. Бирок алар аны өзгөртө алат, андыктан биз аны кайрадан карап чыгып, чектөөлөрдү алып салууну сунуш кылып жатабыз. Алар өз алдынча уюмдардын өкүлдөрү шайлоону бузуп кое ала тургандыгына конкреттүү далилдерди келтиришкен жок», — деди ал.

Ошурахунованын айтымында, жарандык коом шайлоого көз салып, андагы бузумдар тууралуу билдире тургандыгына байланыштуу ушул «карама-каршы түзөтүүлөр» киргизилип жатат. Укук коргоочу депутаттар ошол мүмкүнчүлүктөрдү чектегиси келип жатышканын айтты.

Ошурахунова шайлоо жөнүндө мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөрдүн демилгечилери өкмөттөн эркин уюмдардын иши тууралуу эмне билээрин түшүнүш үчүн аларды дебатка чакырган.

«Биз алар шайлоо жөнүндөгү мыйзамга мындай түзөтүүлөрдү кандай негизде киргизип жатышканын билишибиз керек», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: