Бишкек мэриясы 51 миллион сомго көчөт сатып алгысы келет

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасы 51 миллион 350 миң сомго бактардын жана бадалдардын көчөтүн сатып алууга конкурс жарыялады.

Мэрия бактардын жана бадалдардын: кайыңдын, акациянын, липанын, клёндун, чынардын жана башкалардын көчөттөрүн сатып алууну пландап жатат.

24.kg маалымат агенттигинин кабарына караганда, тизмеде майда жалбырактуу липанын 600 көчөтү бар, аны сатып алууга 6 миллион 600 миң сом коротуу пландалган. Липанын бир көчөтү 11 миң сом турат.

Жалпысынан 11 миңден ашуун көчөт сатып алганга 51 миллион 350 миң сом сарпталмакчы.

Азыр шаар жетекчилиги Бишкектеги жолдорду кайра куруш үчүн бактар менен бадалдарды кыйып жатат.

2017-жылдын мартында мэрия шаардын борборунда 100дөй бакты кыйган. Мэриянын адистери бактарды «авариялык абалда» деп эсептешкен.

2017-жылдын майында Токтоналиев көчөсүн кеңейтүүгө байланыштуу мэрия 1000 даракты кыймак болгон. Жергиликтүү тургундардын нааразылыгынан кийин бийлик өсүмдүктөрдү сактап калыш үчүн колдон келген аракетин көрүүгө убада берди. Бирок мэрия өкүлдөрүнү  айтымында жолду кеңейтүүгө жолтоо болгон дарактар баары бир кыйылат.


ТЕМА БОЮНЧА: