Атамбаев: Өлкөдө кырдаалды курчута турган акмактар көп

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдык салтанатында сүйлөп жатып өлкөдө грант үчүн «улут аралык чатактардын эсебинен ирденгиси келген акмактар толтура» экенин айтты. Мамлекет башчысы бул сөздөр кимге багышталганын тактаган жок.

Атамбаев дүйнөдөгү «жөнөкөй эмес» кырдаалды талкуулап жатып Кыргызстанда да гранттардын эсебинен «кырдаалды курчутуп жаткан акмактар жетиштүү» экенин билдирди.

«Дүйнөдө жана аймакта кырдаал ансыз деле жөнөкөй эмес. […] Эл аралык терроризм күч алып келатат. Өлкөбүздүн ичинде деле грант же саясий упай үчүн кырдаалды курчутуп, кырсыктан, улут аралык жана чек арадагы чатактардан пайда тапкысы келген акмактар толтура», — деди ал.

Андан ары Атамбаев сөзүн тактап, жакында болгон чатактан кийин кыргыз-өзбек чек арасына барган саясатчылар тууралуу кеп кылганын айтты. Бирок ал өз сөзүндө алардын атын да атаган жок, Өзбекстан менен чек арадагы кайсы чатакты айтканын да тактаган жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара чатактары көп эле болуп турат.

Чек арадагы акыркы ири чатак 2016-жылдын мартында болгон, анда Өзбекстандын милиция кызматкерлери тик учактардан макулдашылбаган Унгар-Тоого конуп алып, Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын тегерегиндеги кыргыз күзөттөрүн алып таштоону талап кылышкан.

Өзбек милиция кызматкерлери тоодо бир айга жакын туруп, бирок андан кийин алар «эч кандай талап койбостон» чакыртылып кеткен.

Мындан тышкары, өз сөзүндө президент өкмөт менен парламент 2018-жылга карата Куралдуу күчтөрдүн чыгымын көбөйтүүнү караштырып жатышканын билдирди.

«Гранттарды актоо» жана «баалуулуктарды таңуулоо»

Бул президент Атамбаев жарандык жана саясий ишмерлерди чет өлкөлүк гранттардын эсебинен «кырдаалды курчутуп жатышканы үчүн» айыптаган биринчи учур эмес.

2016-жылы жайына Атамбаев Кыргызстандын аялдарын Энелер күнү менен куттуктап жатып укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованы «саткын» деп атап, аларды «гранттарды актап жатышканы» үчүн айыптаган.

Буга жооп иретинде укук коргоочулар президентти жалаа жапканы үчүн сотко беришкен. Бирок бардык инстанциядагы соттор алардын Атамбаевге каршы доо арызын карабай коюшкан.

2017-жылдын апрелинде да Атамбаев мамлекет өкмөттөн эркин уюмдар гранттарды актап адамдарга «чоочун баалуулуктарды» таңуулашына жол бербеши керек экенин айткан.

«Укук коргоочулардын, оппозициячылардын жана өкмөттөн эркин уюмдардын өкүлдөрүнүн чүмбөтүнө жашынып алган иш жүзүндө акчасын актап жаткан айрым ишмерлер адамдарга чоочун баалуулуктарды таңуулап, балдарыбызды маңкурт кылууга аракет кылышына жол бербешибиз керек», — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: