Өзбекстан Унгар-Тоодогу күч кызматкерлерин чакырып алды

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң, 18-сентябрь күнү Өзбекстан милициясы Унгар-Тоодогу талаш аймактан чыгып кетти деп билдирет Кыргызстандын чек ара кызматы.

Бир айдан бери талаш жер саналган Унгар-Тоодо турган милиция кызматкерлерин өзбек тарап чакырып алды. Бул жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын сүйлөшүүсүнөн соң белгилүү болду. Маалыматты Кыргызстандын чек ара кызматы таратты.

Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Сажира Чоколоева өзбек тарап өз милициясын «эч кандай талап койбой туруп» алып чыгып кетти деп Kloop.kgге билдирди.  

«Кошуна өлкөнүн 20 милиция кызматкери такталбаган аймакка келип, көп убакытка чейин калышкан. Кыргыз тарап өзбек тараптан күч кызматкерлерин Унгар-Тоодон алып чыгып кетүүсүн талап кылган. Эки тарап узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кечээ, Өзбекстан милициясын алып чыгып кетти», — деп билдирди ал.

13-сентябрь күнү кыргыз милициясы Ала-Бука районунда чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн өзбек милициясын кармагандан соң, чек арадагы кырдаал ого бетер курчуган.

Милиция кармалгандан 9 күн өтүп — 22-августта, талаш аймакка Ми-8 тик учагы менен жети өзбек милициясы кирип келген. Алар кармалган өзбек милициясын коюп жиберүүнү жана Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын айланасындагы кыргыз постторун алып салууну талап кылышкан. Кыргызстан бийлиги кармалган өзбек милициясын Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргөн түнү эле бошоткон.  Суу сактагыч боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды.

Өзбек милициясы 24-августта Унгар-Тоодогу «Кербен» станциясында иштеген 4 инженерди «легалдуу эмес» деген шылтоо менен кармап кетишкен. Андан соң, 25-августта Унгар-Тоодогу күч кызматкерлери талаш жер Өзбекстандыкы экендигин айтышкан.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң, 9-сентябрь күнү «Кербен» станциясынын инженерлери бошотулду. Кармалгандар — инженерлердин аты-жөнү Урманов, Бердалиев, Ташматов жана Усупбаев — 16 күн Өзбекстан милициясынын Янгикурган бөлүмүндө кармалып турушкан.

Кыргыз чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тоого Өзбекстандын тик учагы тез-тез учуп келип, күч кызматынын курамы смен алмаштырып жана азык-түлүк жеткирип турган. Сентябрь айынын ортосунда милициянын саны жетиден 20га чукулдаган.

Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы Советтер Союзу таркагандан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын талашында калган. 1992-жылдагы келишимге ылайык, суу сактагыч Кыргызстанга өтүшү керек болчу, бирок ал 2016-жылдын жазында гана мамлекеттин менчигине өткөн. Суу сактагычты Өзбекстан убактылуу гана пайдаланып турган. Бүгүнкү күнгө чейин Орто-Токой суу сактагычында өзбек адистери иштешет.  

Тема боюнча: Өзбек милициясы Унгар-Тоого тик учак менен түшүрүлдү. Эмнелер белгилүү?