Ош: Милиционер окуучуну коюп кетип, өзү ооруканага алып барды

Кайгуул милициясында иштеген киши кызматтык машинасы менен Ош облусунун Кара-Суу районунда мектеп окуучусун коюп кетти. Ал окуучу кызды өзү ооруканага алып барып, милицияга коюп кеткени тууралуу кабарлаган.

Жол кырсыгы 31-май күнү Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында болгон.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз катчысы Жанна Тазарбаева Kloop.kgге кабарлагандай, окуучу кыздын буту сынып ооруканага жеткирилген, абалы туруктуу деп бааланып жатат.

«Кызматкерибиз күүгүмдө баратканда кокустан эле бир кыз жолго чыга калган. Айдоочу башкара албай, жол кырсыгы катталган. Ал кызды ооруканага алып барып, окуя тууралуу милицияга кабарлаган», — деди ал.

Милиционерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлө баштаган. Анын кызматтык машинасы штрафстоянкага киргизилген.

Сүрөт: «Спутник»


ТЕМА БОЮНЧА: