Сот «Занозанын» иштерин кароону токтотту

Бишкектин Октябрь райондук соту президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын коргоо боюнча «Заноза» басылмасына каршы соттук териштирүүнү токтотту. Бул жоопкер тараптын макалалардын тосмолонушун Жогорку сотто даттангандан кийин болууда.

Судья «Занозанын» адвокаттарынын өтүнүчүн канаатандырып, Жогорку сотто макалалардын тосмолонушу боюнча иш чечилгенге чейин доо арызды кароону токтотуп турду.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Руслан Абдырахман билдиргендей, жоопкер бул жол менен жараянды «жасалма жол менен» создуктурууга аракет кылып жатат.

«Баары иштин негизги бөлүгүн карай турган жерге жакындап калган болчу, бирок жоопкер тарап даттануу укугун пайдаланууну чечкен. Биздин оюбузча, жоопкерлер иштин негизин кароону создуктуруп, доо арыз убакыттын өтүшү менен акуалдуулугун жоготот деп үмүттөнүп жатышат», — деди Абдырахман.

Анын айтымында, эгерде жоопкер тарапта күнөөсүз экенине далили болгондо, анда алар иштин каралышына кайра кызыкчылык артышмак.

Бирок «Занозанын» адвокаты Алтынай Исаева айткандай, мамлекеттик айыптоо жоопкер тараптын жараянды создуктуруп жатат деген сөзү менен «коомчулукту жаңылтууга аракет кылып жатат».

Анын айтымында, айыптоочулардын өкүлдөрү өздөрүнүн талаптарын негиздеп бере алышкан эмес жана сотко «Занозанын» макалалары президентке зыян келтирип, анын ар-намысын жана кадыр-баркын кетиргенине далил көрсөтө алышкан эмес.

Башкы прокуратура «Занозага» каршы беш доо арыз берип, басылмадан жалпы жонунан 15 млн сом талап кылып жатат. Бардык доо арыздар президент Алмазбек Атамбаевге түз же кыйыр түрдө тиешеси болгон макалалар менен байланыштуу. Сот басылманын эсептерин камакка алган.

Доо арыз боюнча жоопкерлер басылманын тең түптөөчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып, ошондой эле укук коргоочу Чолпон Жакупова.

Сот алардын мүлктөрүн камакка алып, өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Авторлошу: Анна Капушенко


ТЕМА БОЮНЧА: