Башкы прокуратура «Азаттыкка» каршы бир доо арызын кайра чакыртып алды

Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргоо боюнча «Азаттык» үналгысына каршы бир доо арызын кайра чакыртып алды. Бул президент Алмазбек Атамбаев өзү маалымат каражаты менен соттошпогонго кеңеш бергенден кийин болду.

Башкы прокурордун өкүлү Руслан Абдурахман Октябрь райондук сотуна «Азаттык» үналгысына каршы доо арызды кайра чакыртып алууну өтүндү. Сот өтүнүч катты канааттандырып, маалымат каражатынын эсебин камактан чыгарды.

Бирок Башкы прокуратура экинчи доо арызын кайра чакыртып ала элек.

Көзөмөл органы «Азаттыкка» каршы доо арызын Атамбаевдин кеңешинен кийин чакыртып алды.

Президент өз позициясын маалымат каражаты акыркы убакта «тең салмактуу жана ойлонулган» материалдарды чыгара баштаганы менен түшүндүргөн.

Мамлекет башчысынын доо арызды кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушу Кыргызстанга «Азаттык» радиосунун директору Томас Кент келип, Атамбаев менен жолугушуп кеткенден кийин бир жарым ай өткөн соң айтылган.

Анда тараптардын бири дагы Атамбаев менен Кент кандай кепке келишкенин айткан эмес.

Териштирүү жүрүп жатканда «Азаттык» үналгысынын Кыргызстандагы бюросунун директору алмашты. Султан Каназаров ал кызматтан өз ыктыяры менен кетти. Анын башчысы Айзада Касмалиева болуп калды.

«Азаттыкка» каршы доо арыздар

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Атамбаевдин аты аталган материалдардын айынан бул маалымат каражатына каршы эки доо арыз берген.

Макалалардын биринде оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйыны тууралуу кеп болгон. Алар Бишкектин жанында кулап түшкөн жүк ташуучу «Боинг-747деги» жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык экенин айтышкан.

Экинчи материалда оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин Кипрде Атамбаевдин кызыкчылыгы бар экендиги тууралуу билдирүүсү болгон.

Башкы прокуратура маалымат каражаты мамлекет башчысынын ар-намысын кордогон, чындыктан алыс кабарды таркатууда деп эсептеген. Көзөмөл органы моралдык чыгым катары маалымат каражатынан жалпысынан 20 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Бирок маалымат каражаты коюлган дооматтар негизсиз экенин, анткени ал юристтердин жана депутаттардын айткандарын сөзмө сөз келтиргенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: