«Мегаком» үчүнчү жолу сатылбай калды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мегакомду» сатуу боюнча аукциондун өтпөй калганын билдирди. Мамлекеттик органга уюк операторун сатып алуу боюнча бир да билдирме келип түшкөн эмес.

«Мегаком» уюк операторун кезектеги жолу сатуу аракети натыйжасыз аяктаган.

«Мегакомду» сатуу боюнча аукцион 5-июнда саат 17:00дө бүтүп, бирок аукционго катышуу үчүн бир да компания билдирме калтырган эмес.

Бул өкмөттүн уюк операторун сатуу боюнча үчүнчү жолку аракети. Буга чейинки аукциондор да эч ким билдирме бербегендигине байланыштуу өтпөй калган.

«Альфа Телеком» компаниясы («Мегаком» уюк оператору) мамлекеттик объекттерди менчиктештирүү программасынын алкагында 2016-жылдын февраль айында сатыкка чыгарылган.

Ernst&Young аудитордук-консалтинг компаниясынын берген баасы боюнча, «Мегакомдун» баштапкы баасы 19 млрд сомду түзөт (300 млн АКШ доллары).

Маммүлк фондунан белгилешкендей, компаниянын жеке менчикке сатылышы анын башка уюк операторлору менен атаандаш болушуна өбөлгө түзөт.

«Мегаком» — үч миллионго жакын абонент тейлеген жана Кыргызстандын дээрлик бардык аймагын кучагына алган Кыргызстандагы үч ири уюк байланыш операторунун бирөөсү.

2010-жылы Убактылуу өкмөт компаниянын 49% акциясын менчиктештирип алган. Төрт жыл өткөн соң «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: