УКМК журналист Бабакуловго кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналист Улугбек Бабакуловго каршы «улут аралык кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутканы» үчүн кылмыш ишин козгоду, ал эми сот журналист иштеген «Фергана» басылмасына бөгөт коюу чечимин чыгарды. Эки апта мурда Бабакулов аталган басылманын сайтына коомдук желелердин колдонуучуларынын улутчул сөздөрүн келтирип макала чыгарган болчу.

УКМК Бабакуловго каршы «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Журналист бул берене боюнча төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кыргыз атайын кызматтары Бабакулов «үчүнчү өлкөлөрдөн» башпаанек алыш үчүн коомдук желелердин колдонуучуларынын улутчул сөздөрүн пайдаланып макала жазган деп эсептешет.

«2010-жылдагы июнь окуяларынын жылдыгында жаран Бабакулов чагымчыл маанидеги көрсөтүлгөн макалаларды чыгарган. Керт башынын пайдасын көздөгөн максаты — үчүнчү өлкөлөрдөн "саясий башпаанек" алуу болгон, — делет УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекемеден белгилешкендей, Бабакуловдун макалалары адамдарды «мыйзамга жана коомчулукка каршы» аракеттерге түртүшү мүмкүн эле.

Андан тышкары, Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда «Фергана» басылмасы бөгөттөлөт.

Бабакулов өзү Kloop.kgге айткандай, ага каршы кылмыш ишинин козголушу «атайын кызматтардын сандырагы жана келесоолугу».

Ал эч качан Кыргызстандан качкын катары кеткиси келбегенин кошумчалады.

«Мен 50 жаштамын. Мен өз мекеним Кыргызстанда өзүмдүн, балдарымдын жана башка адамдардын жакшы жашашы үчүн колумдан келгенин баарын жасап атам», — деди Бабакулов.

Анын оюнча, бийлик мындай аракеттер менен шайлоо алдындагы көйгөйлөрдөн «элдин көңүлүн башка нерсеге бурууга» аракет кылып жатат.

«Муну бийликтин саясатына нааразы болуп чыга келгендер үчүн эскертүү катары баалаганга болот: эгер нааразы болсоңор силерге дагы адамдардын тобун буруп салабыз деген таризде», — деп эсептейт журналист.


ТЕМА БОЮНЧА: