Сот Салянованын кылмыш ишин токтотпойт

Бишкектин Ленин райондук соту оппозициялык саясатчы Аида Салянованын адвокаттарынын видеого тартуу, судьядан баш тартуу жана кылмыш ишинин токтотулушу боюнча өтүнүчүн четке какты. Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз узартуу» боюнча айыпталып жатат.

Отурумдун башталышында Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова сотто ЖМКга видео тартууга уруксат беришин өтүндү. Прокурор аудиого жаздырса болоорун айтып, бирок видео тартууга уруксат берген жок.

«Күбөлөр өз-өзүнчө, сурак бере элек күбөлөр жок кезде сурак беришет. Сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн сурак бере электер билбеши керек», — деди ал.

Судья прокурорго макул болуп, аудио жаздырууга уруксат берип, бирок видеого тартууга тыюу салды.

Судьядан баш тартуу

Андан соң Жакупбекова судьядан баш тартууну талап кылды. Анткени ал Кубанычбек Касымбековдун бейтараптыгынан күмөн саноого негиз бар деп эсептейт. Анын айтымында, Касымбеков иш менен таанышпай туруп эле ишти кароо боюнча токтом чыгарып койгон.

«Силердин аракетиңер бейтарапсыздыкты жана иштин натыйжасында кызыкчылык бар экенин күбөлөндүрөт», — деди Жакупбекова.

Салянова өз адвокатын колдоду.

«Кароо боюнча токтом чыгарыш үчүн силердин ашып кетсе бир саатыңар эле болгон. Ишти токтотууга негиз жок деп жазыш үчүн силер иштин баарын окуп чыгышыңар керек болчу», — деди Салянова.

Бирок прокурор айтылган жагдайлар судьядан баш тартуу үчүн негиз болуп бере албашын айтты.

Жыйынтыгында сот коргоочу тараптын өтүнүчүн четке какты.

Кылмыш ишинин токтотулушу

Андан кийин отурум уланып, Жакупбекова Саляновага карата кылмыш ишинин токтотулушун соттон өтүндү. Адвокаттын айтымында, Салянова мыйзамдын чегинде иш алып барып, Елисеевдин лицензиясынын узартылышынан эч кандай пайда көргөн эмес.

Салянова өзү айткандай, Алексей Елисеевге карата бир дагы кылмыш иши лицензиясы узартылып жаткан кезде, адвокатура жөнүндөгү мыйзам талап кылгандай, башкы прокурор тарабынан да, анын орун басары тарабынан да козголгон эмес.

«Бул суроо пайда болгондо мен башкы прокурор элем. Елисеевге карата кылмыш ишин башка кызматтар козгогонун билем», — деди Салянова.

Судья бул өтүнүчтү да канааттандырган жок. Кийинки угуулар 19-июнда өтөт.

Салянованын иши

Аида Салянова «Ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан. Кыргызстанда бул юрист куулган президент Куманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын адамы болгону менен белгилүү.

Мурдагы юстиция министри жана башкы прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевди 2015-жылдын башынан бери ачык сындай баштаган.

Анда, башкы прокурорлук кызматтан кетип жатып, Бишкектин ТЭЦине көмүрдү мыйзамсыз жеткирип туруу шеги боюнча анын күйөсүнө каршы козголгон кылмыш ишинен кийин, ага да бийлик кысым көрсөтө баштады деп билдирген.

2016-жылы оппозициялык «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп туруп Атамбаевдин башкы мыйзамды реформалоосуна каршы чыккан жана бат эле өлкөнүн көрүнүктүү оппозициячыл саясатчысына айланган.

Ошол эле жылы анын күйөөсү шарттуу түрдө жети жылга кесилген, ал эми башкы прокуратура Салянованын өзүнө каршы — Елисеевдин лицензиясы боюнча — кылмыш ишин козгогон.

Андан тышкары, Салянова партиялаштары — «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен ушул эле партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов — менен бирге 2010-жылы «Мегакомдун» акцияларын сатууга кызыкчылыгы бар деп айыпталып жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: