Аида Салянованын иши Ленин райондук сотуна өткөрүлдү

Биринчи май райондук соту Салянованын адвокатынын өтүнүч катын канааттандырып, ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берди. Салянова Максим Бакиевдин адвокатынын лицензиясын «мыйзамсыз узарткан» деп айыпталууда.

Биринчи май райондук сотунда 29-майда мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча биринчи сот процесси  болуп өттү.

Сотчу Мирлан Термечиков ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү жөнүндө Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекованын өтүнүчүн канааттандырды.

Жакупбекова Биринчи май райондук сотунун сотчулары анын коргоосу астындагыларга «бир жактуу карап жатат» деген пикирде.

«Эгерде иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болсо, алар биздин ишке бир жактуу карайт деп ойлойм» , — деди ал.

Сотчу ишти өткөрүп берүү тууралуу өз чечимин Алексей Елисеевге лицензия берип жаткан кезде соттолуучу Юстиция министрлигин жетектеп турганы менен негиздеди. Мекеме Ленин районунун аймагында жайгашкан.

Мамлекеттик айыптоочулар ишти башка сотко өткөрүүгө каршы болушкан, анткени тергөөнү Биринчи май районунда жайгашкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттетин кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Мурда сот жыйынды Салянованын адвокаты келбей койгондуктан бир жумага жылдырган.

Саляновага каршы кылмыш иши

Мурдагы башкы прокурор жана азыркы оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага каршы кылмыш иши 2016-жылдын декабрында «Ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон.

Башкы прокуратура Салянова юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп эсептейт.

Аида Салянова — «Ата Мекен» фракциясындагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган үч оппозициячыл саясатчынын бири.

Кылмыш иштери партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевге жана Алмамбет Шыкмаматовго да каршы козголгон.

Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» уюк операторун башкарууга жол ачып бериш үчүн андан 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда.

Шыкмаматовго каршы «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Текебаевди, Шыкмаматовду жана Салянованы атайын кызматтар «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп да шек санап жатышат.

Башкы прокуратуранын оппозициячыл саясатчыларга мындай кызыгуусу бул үчөө тең Конституцияга киргизүүнү президент сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыгышкандан кийин келип чыккан. Референдум 11-декабрда өтүп, Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр кабыл алынган.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: