Баткен: Жашоочулар кызыл китепке кирген эчкемерлерди сатып жатышат

Баткендин Таян айылынын тургундары туристтерге кызыл китепке кирген эчкемерди сатууга аракет кылышкан. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик текшерүү жүргүзүп, чара колдонууга убада берип жатат.

Кызыл китепке кирген боз эчкемерлерди Таян айылында сатылып жатканы тууралуу «Фэйсбуктун» колдонуучусу Нуржан Алымканова жазып чыкты. Анын жазганы колдонуучулардын кыжырдануусун жараткан.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов Kloop.kgге билдиргендей, Баткен облусундагы эчкемерлерди сатуу фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар колдонулмакчы.

«Аркарды, ак илбирсти өлтүргөн учурлар болгон, бирок эчкемерлерге аңчылык кылгандар да мени тынчсыздандырды. Бул сейрек кездешкен окуя», — деди Рустамов.

Эколог Эмил Шүкүров Kloop.kgге айткандай, боз эчкемерлерге аңчылык кылууга штраф болгону менен алардын популяциясын сактоону эч ким деле көзөмөлдөбөйт.

Анын айтымында, боз эчкемерлердин санын эч ким тактаган эмес.

«Мурун алар Жалал-Абал жана Баткен облустарында байырлашчу. Бирок Жалал-Абадда алар калбай калгандай», — деди ал.

Шүкүровдун оюнча, сейрек кездешкен рептилияларды туристтерге сатмак тургай, дарылык касиети бар делип этин пайдаланышы да мүмкүн.

Боз эчкемер Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын Кызыл китептерине киргизилген.

1930-1940-жылдары эчкемердин териси өнөр жайда пайдаланылган. Бул алардын санынын кескин түрдө азайып кетишине себеп болуп, айрым аймактарда алар толугу менен жоголууга дуушар болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: