Бишкек: Панфилов паркында үч газ баллон жарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-июль күнү эртең менен Бишкектин Панфилов паркындагы кафелердин биринде үч газ баллон жарылганын билдирди. Жабыр тарткандар жок, милиция жарылуу фактысы боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

ӨКМнин маалымат катчысы Элмира Шерипова Kloop.kgге билдиргендей, Панфилов паркындагы жарылуу эртең мененки төрттө болгон. Жергиликтүү жашоочулар куткаруу кызматын чакырышкан.

«Өрт бир саат аралыгында өчүрүлгөн. Эртең менен кафеде эч ким болгон эмес, ошондуктан жабырлануучулар жок», — деди ал.

Шерипованын айтымында, 130 чарчы метрге жайылган өрттү өчүрүү үчүн үч техника тартылган. Газ баллондордун жарылуу себептери тактала элек.  

Шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Адыл Оморов Kloop.kgге билдиргендей, жарылуу фактысы боюнча милиция текшерүү амалдарын жүргүзүп жатат.

«Химиялык экспертиза дайындалган, жыйынтыктары чыга элек. Учурда маалымат топтолууда», — деди ал.  

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: