Улутчул-патриот кыймылы паспортко «улут» графасын кайтарууну талап кылууда

«Улутчул-патриот күчтөрүнүн бирикмеси» Конституциялык палатага кайрылып, кыргыз паспортуна «улут» жазылган тилкени кайтарууну талап кылууда. Алардын кайрылуусу үч айдан алты айга чейин каралат.

Активист Жыргалбек Касаболотов жаңы биометрикалык паспорттогу «улут» тилкесинин жоктугу жарандардын конституциялык укуктарын басмырлайт деп эсептейт.

«Конституция боюнча ар бир жаран улуту ким экенин ачык көрсөткөнгө укуктуу. Баш мыйзамда укуктар эч бир норма менен чектелбейт деген берене бар», — деди ал.

Касаболотовдун айтымында, этникалык кыргыздар өз улутун унутпашы керек. Ал кыргыз эли коррупциянын айынан жоголуп кетиши мүмкүн деп ойлойт.

«Кыргызстандагы демографиялык жараяндар менен коррупциялык механизмдердин айынан кыргыз эли этникалык азчылыкка айланып калышы мүмкүн», — деди Касаболотов.

Анын оюнча, мындай абалдан чыгуунун бир эле жолу бар — ал улутту көрсөткөн тилкени паспортко кайтаруу.

Конституциялык палата улутчул-патриот кыймылынын арызын 3-июлда кабыл алып, аны үч айдан алты айга чейин карайт.

Кыргызстанда «улут» тилкеси көрсөтүлбөгөн биометрикалык паспорттор 2017-жылдын июнь айынан тарта бериле баштаган.

Жаңы паспорттордо жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жана улуту жөнүндө маалыматтар электрондук чипте сакталат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: