Шашылыш паспорт жасатуунун баасы 1 150 сомдон башталат

Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, жаңы биометрикалык паспорттор бекер берилет, бирок шашылыш жасаткысы келгендерге 1000 сомдон башталган сумманы төлөгөнгө туура келет. Кыргызстандыктар жаңы электрондук паспортторду 2017-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин акысыз ала алышат.

МККнын басма сөз борборунан кабарлашкандай, эгерде жаран учурдагы ID-картасын жоготуп алган болсо, ал калкты тейлөө борборуна (КТБ) жаңы паспорт алыш үчүн арыз менен кайрылса болот. Ал өзү менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен үйлөнгөнү тууралуу каттоосун алып барышы керек.

КТБ беш күндүн ичинде арызды карап чыгып, 12 күндөн кийин жаңы паспорт жасап берет. Жаңы электрондук паспортту алыш үчүн жалпы жонунан 17 күн күтүш керек болот. Документ бекер берилет.

Эгерде документти шашылыш түрдө алгысы келсе, анда кызмат үчүн акы төлөшү керек болот: сегиз күндө паспорт жасатыш үчүн 1 150 сом, төрт күндө — 1 500, эки күндө — 1 660 сом.

Ал эми чет өлкөгө чыгыш үчүн керек болгон паспортту алыш үчүн 18 күн күтүшү керек. Документти сегиз күндө алыш үчүн 2 520 сом төлөсө, төрт күндө — 2 830, эки күндө — 3 140 сом төлөп калат.

Жаңы үлгүдөгү документтер үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта бериле баштады. Биометрикалык паспортто жаран тууралуу 19 маалымат электрондук чипте сакталмакчы.


ТЕМА БОЮНЧА: