Кыргызстандыктар Орусияда улуттук айдоочу күбөлүктөрү менен иштей алышат

Президент Владимир Путин мамлекеттик думанын депутаттары кыргыз улуттук айдоочу күбөлүктөрүн Орусияда тааный турган сунушун колдоду.

Орусия президенти Владимир Путин кыргыз айдоочу күбөлүктөрүн тааныган сунушту Кыргызстанда «орус тили экинчи мамлекеттик тил» экенин эске алуу менен колдоду.

Бул Кыргызстандыктар Орусияда айдоочулук жумуштарда кыргыз улуттук  күбөлүктөрү менен кайра иштей ала тургандыктарын билдирет.

Орусия бийлиги 1-июндан тартып такси, автобус жана оор жүк таашыган автоуналарды Орусиянын айдоочу күбөлүктөрүсүз башкарууга тыюу салган. Бул жаңы эреже кыргызстандыктарга да таасир эткен.

Бул тыюуну бир ай мурда аткаминерлер «айдоочу болуп иштеген чет өлкөлүктөр орус тилин жетишээрлик деңгээлде билбей» тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Тыюу чыгаары менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган мыйзамга каршы арыз берген. Кыргыз тарап аталган мыйзам Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өз ара келишимдерине карама-каршы келээрин билдирген.

Кыргызстанда орус тилине 2000-жылы расмий макам берилген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: