Орусияда мигранттар чет элдик күбөлүгү менен айдоочу болуп иштей алышпайт

Айдоочу болуп иштегиси келген мигранттарга эми Орусиядан айдоочулук күбөлүктү алышка туура келет. Чет элдик күбөлүгү болгон айдоочулар Орусиянын күбөлүгүн алганга чейин жумушунан четтетилет.

Мамдумадан билдиришкендей, бул мыйзам 2013-жылы эле кабыл алынган, бирок айдоо боюнча сынак тапшыруу үчүн атайын аянтча жок болгондуктан аны күчүнө киргизбей келишкен.

Мыйзамга ылайык, чет элдик айдоочулук күбөлүк менен иштеп жүргөндөр 1-июндан тарта жумуштарынан четтетилмекчи. Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алыш үчүн алар үч милдеттүү экзамен тапшырышат: бир теориялык жана эки практикалык (бири автодромдо, дагы бир шаардын ичиндеги шарттарда).

Кыргыз мигранттары

Орусиядагы мигранттардын статистикасы боюнча Кыргызстан 5-орунда турат. Кыргыз бийлигинин билдиришинче, учурда Орусияда 500 миңден 1 миллионго чейин жарандар эмгек миграциясында жүрүшөт.

Кыргыз улуттук банкынын отчётунда Орусиянын аймагында иштеген мигранттар 2017-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанга 433 млн доллар которушкан.

Ал эми 2016-жылы бул сумма 291 млн долларды түзгөн. Жалпы жонунан соңку 12 жылда кыргыз мигранттары өз өлкөсүнө 16,4 млрд доллар акча каражатын которушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: