Журналист диндер аралык кастыкты козутуу боюнча соттолууда

«Учур» гетинин башкы редактору Зулпукар Сапановго каршы соттук жараян башталды. Ал өзүнүн «Кыргыздар мусулман эмес» аттуу китебине байланыштуу улут аралык кастыкты козуткан деп айыталууда.

24.kg басылмасы жазып чыккандай, Сапанов сотто президент Атамбаев сыяктуу эле өзүнүн оюн айткан.

«Улуттук кийим-кечектерди кийгендин ордуна биздин аялдар арабдардын жабык паранжа, хижабдарын кийишет. Биз өзүбүздүн каада-салт, маданиятыбызды сакташыбыз керек. Эгерде ким өз каада-салтын, тилин жоготсо, ал мамлекетти жоготкондук», — деп президенттин сөзүнө шилтеме жасады журналист.

Башкы прокуратура Сапановго каршы анын «Кыргыздар мусулман эмес» китеби жарык көргөндөн кийин кылмыш ишин козгогон.

Сапанов өзүнүн китебинде кыргыздардын байыркы диний ишенимдерин, Куран, Библия, Тоорат жана башка ыйык китептердин жазмаларын кеңири изилдеген. Автор учурда диний кызматкерлер элге Аллахка ишенүүнү таңуулап жатат деп бүтүм чыгарган.

Китептин жарыкка чыгышына нааразы болгон мусулман дин башкармалыгынын өкүлдөрү башкы прокуратурага арыз жазышкан. Дин башкармалыгы Сапановдун китеби мусулмандардын диний баалулуктарын кемсинтет деп билдирген. Тергөөнү улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: