Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунда 10 000 метр аралыкка чуркоо боюнча жарышта алдыга чыгып, Кыргызстандын куржунуна экинчи алтын медалды алып келди. Ушул эле аралык боюнча жарышка чыккан кыргызстандык Адилет Кыштабеков коло медаль утуп алды.

Маслова 10 000 метрге чуркоо боюнча жарышта 32 мүнөт 21,21 секунд көрсөтө алды. Ал жапониялык спортчу Юку Хорини эки секунд артта калтырган.

Мелдештин акыркы күнүндө ошол эле аралык боюнча жарышка чыккан Адилет Кыштабеков улттук кураманын эсебине үчүнчү медалды алып келген. Эркектер арасындагы 10 000 метр аралыкка чуркоо боюнча жарышта Кыштабеков 30 мүнөт 6 секунд убакытты көрсөтө алган.

Азия чемпиондугунда жеңип алган 22 жаштагы Дарья Маслова үчүн бул экинчи алтын медаль. Эки күн мурун Маслова 5000 метр аралык жарышта биринчи келип алгачкы алтынга ээ болгон. Мурда Азия биринчиликтеринде Маслова коло медалдардын ээси болуп келген.

Кытайдын Ухан шаарында 2015-жылы болгон Азия чемпионатында Маслова 5 чакырымды 15 мүнөт 42,82 секундда чуркап өтүп, жеке өздүк рекордун койгон.

Былтыр август айында Маслова Риодогу оюндарда өлкөнүн улуттук курамасына кирген. 10 миң метр аралыкка чуркоо боюнча жарышта жеңил атлетчи 31 мүнөт 36,90 секунд көрсөтүп 19-орунду алган. Бул көрсөткүч Маслова үчүн жеке жана улуттук рекорд болуп калган.

Жеңил атлетика боюнча чемпионат 6-июлда Индияда башталып, 9-июлда жыйынтыкталды. Мелдеште Кыргызстандын атынан алты спортчу катышкан.

Жалпы медалдык эсепте Кыргызстанда үч медал, эки алтын жана бир коло бар.

Август айында кыргызстандыктар жеңил атлетика боюнча дүйнө биринчилигинде ат салышат. Дүйнө биринчилиги 4-августта Лондондо башталат.

Сүрөт: AFP PHOTO / Dibyangshu SARKAR.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: