Рио-Де-Жанейродогу айтылуу «Маракана» стадионунда XXXI Жайкы олимпиада оюндары ажайып азем менен расмий түрдө жабылды. Олимпиаданын кийинки кожоюну Жапонияга олимпиадалык туу тапшырылды. Эми Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыгына көз жүгүртсөк.

Кыргызстандын намысын Рио-Де-Жанейродо 19 спортчу коргоду.

Жалгыз коло медалды штангачы Иззат Артыков алып келгени менен 18-августта допинг-тесттин жыйынтыгынын айынан Спорттук арбитраждык соттун чечими жеңиштен ажыратты.

Риодо таймашка Кыргызстандан алгач мушкер Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана дзюдочу Отар Бестаев чыгышты.

Мушкер Адылбек уулу Эркин ⅛ финалда атаандашынан жеңилсе, дзюдочу Бестаев да ушундай эле көрсөткүчкө ээ болду. Ал эми Жаңыл Окоева өзүнүн салмак категориясындагы алдыңкы ондукка кирди.

Суучул Дарья Таланова олимпиадалык турнирдин жарым финалына багындыра албастан 33-болуп марага жетти.

Балбандар Руслан Царев, Айаал Лазарев, Мурат Рамонов жана Жанарбек Кенжеевдер биринчи эле беттешүүдө жеңилишти.

Грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиев коло медаль үчүн кармашып, бирок жалпы жыйынтык менен 7-орунга татыды.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн таймашта жеңилип, жалпы жыйынтык менен 5-орунга ээ болду.

Жөө күлүк Юлия Андреева 59-болуп келип команданын ичинен эң жакшы жыйынтыкка жетишсе, Марья Коробицкая 62, Виктория Полюдина 94 жана Илья Тяпкин 42 чакырымга чуркоодо 86-болуп келишти.

Олимпиадада медаль албаганы менен улуттук рекорд койгон спортчулар да болду. Маселен, жеңил атлетчи Дарья Маслова 10 чакырымга чуркоодо 19-болуп келип, 31 минута 9 секунд менен Кыргызстандын спорт тарыхында сөз болуп жаткан дистанция боюнча рекорд койду.

Суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкты «брасс» стилинде 2 минута 17,92 секунда сүзүп өтүп, Кыргызстандын Лондондогу рекордун аттап өттү.

Ал эми Юрий Краковецкий Кыргызстандын тарыхында олимпиадалык мелдеште чейрек финалга жеткен алгачкы дзюдоист катары калды.

Олимпиаданын акыркы күнүндө балбан Магомед Мусаев күрөшүп, чейрек финалда украин балбанына жеңилип, медалды колдон чыгарып жиберди.

Соавтор: Дарья Шушпанова
Видео: Азат Рузиев