Москва: Соода борборунда өрт чыгып, эки кыргызстандык оор абалда

Москванын түндүк-чыгышындагы «РИО» соода борборунда 10-июлда өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн чыгышына зымдардын тийишип кеткени себеп болгон. Натыйжада 18 адам жабыркап, алардын экөөсү кыргызстандыктар болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар оор абалда. Учурда алар Склифасовский илимий-изилдөө институтунда жатышат.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын абалы жакшырып бара жатат.

Өрттөн  жабыркаган 18 адам тик учак менен ооруканага жеткирилген.

Орусиянын ӨКМнин маалыматы боюнча, өрт 1000 чарчы метр, ал эми түтүн 70 миң чарчы метр аянтты каптаган.

Өрттү өчүрүүгө 400 кызматкер, 110 атайын техника, эки тик учак жана өрт өчүрүү поезди тартылган. Ошондой эле өрт өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен. Мындан тышкары бардык кардарларды эвакуациялай алышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча соода борборундагы өрттүн чыгышына жертөлө кабатындагы зымдардын тийишип кеткени себеп болгон.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: