Кыргызстандык 14 кыз-келиндин өрттөн курман болушу: Типографиянын ээси 6 миллион рубль штрафка жыгылды

Москвадагы «Печатный экспресс» типографиясынын башкы директору Сергей Москвин мигранттарды каттоосу жок жумушка алганы үчүн 6 миллион рубль штрафка жыгылды. Былтыр жайында бул типографиядагы өрттө 17 кыз-келин каза тапкан, алардын 14ү Кыргызстандын жараны болчу.

Алтуфьевск шоссесиндеги типографияда чыккан өрттү иликтөөнүн натыйжасында Москванын прокуратурасы курман болгон 12 кыргызстандык кыз-келиндин экөө гана Москвада катталганын аныктады.

«Башкы директор Сергей Москвин чет өлкөлүк жарандарды ишке мыйзамсыз тартканы үчүн жалпысынан 6,6 миллион рубль төлөө түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Типографияда 27-август күнү эртең менен өрт чыккан. Имараттын биринчи кабатында лампа учкун чыгарып, өрт башталган. Орусиялык үч кыз-келин жана кыргызстандык 14 кыз-келин төртүнчү кабаттагы кийим алмаштыруучу бөлмөгө камалып калып, иске ууланып өлгөн.

Милиция өрт боюнча кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучу катары типографиянын башкы директору Москвин жана башкы инженер Антон Яцков өтүп жатат.

Алар тергөө убактысына кармалып, тергөө изоляторуна камалган. Москвин менен Яцков өрт коопсуздугун эрежесин бузгандыгы үчүн айыпталууда. Мындан тышкары, Москвинге каршы мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча кылмыш иши козголгон.

Маркумдардын туугандары типографиянн ээсинен компенсация иретинде миллион рублдан өндүрүп берүүнү талап кылышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: