Жалал-Абад: Каракөлдүн жашоочулары милицияны кызматтан алууну талап кылышты

Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын тургундары милициянын начальниги Калык Айтбаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. Алардын айтымында, милиционерлер тургундарга баңгизаттарды көрсөтпөй ыргытып, анан кайра кармап жатат.

Каракөлдүктөр 2-июлда митингге чыгышып, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон аларды жергиликтүү милициянын начальниги Калык Айтбаевден коргоого алышын суранышкан.

Нааразылык акциясына чыккандардын айтымында, жергиликтүү милиция алардын үйлөрүнө кара куурайларды ыргытышып, андан кийин аларды кайра куугунтуктап жатат.

«Биз митингге чыккан учурда бир адам үй-бүлөсү менен эс алуудан келе жаткан. Милиция кызматкерлери анда кара куурай бар экенин айтып, анын жубайын күч менен машинадан сууруп чыгышкан. Биз ал жөнүндө угуп, окуя болгон жерге барып текшерип чыктык, андан эч нерсе табышкан жок», — деп билдирди нааразылык акцияга чыккандардын бирөөсү.

Ошондой эле митингге чыккандар тартип сакчылары намаз окуган адамдарга тыюу салынган китеп, дисктерди ыргытышып, андан кийин аларды дагы кармап кетип жатканын айтышты. «Биз начальник жумуштан алынмайынча каршылык акциясын уланта беребиз», — деп билдиришти алар.

Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз катчысы Сажира Кызырова Kloop.kg менен болгон маегинде жергиликтүү тургундар рейд жүргүзүлгөндүгү үчүн митингге чыгышып, милиция менен «урушушканын» айтты.

«Эки апта мурун милиция рейд жүргүзүп тургундардын үйлөрүнүн биринен кара куурай таап алган. Мүмкүн алар кара куурайга тыюу салынганын билишпесе керек, ошондуктан гүл катары үйүндө өстүрүшкөн», — деди ал.

Кызырова кошумчалагандай, милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, карай кураай өстүрүү мыйзамсыз экенин айтышкан. Бул окуя боюнча милиция тергөө амалдарын баштап, экспертиза дайындалды.

Мэрдин милициянын начальнигине дооматы

Ушул жылдын март айынын ортосунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен болгон координациялык жыйынында Каракөл шаарынын мэри Иляз Эркеев милициянын начальниги Айтбаевди кызматынан кетирүү керектигин айткан, себеби ал жергиликтүү тургундардын арыздарын иликтебей жүргөн.

«Шаар тургуну милицияга белгисиз адамдар тогуз баш эшегин уурдап кетишкенин жана алардын эти кийинчерээк табылганын айтып арыз жазган. Бирок иш иликтенбей, жабылып калган. Милиция жергиликтүү бийлик менен бирге иштеши керек», — деп билдирген Эркеев.

Эркеевдин айтымында, милиция кызматкерлери «чөнтөктөрүн толтуруу» максатында той-аштардан кайтып келе жаткан адамдарды жолдо күтүшөт. Ошондой эле, Айтбаев жыйындарга катышпайт жана телефон чалууларга жооп бербейт.

Айтбаев шаардык ички иштер бөлүмүнө 2016-жылдын 19-майында начальник кызматына дайындалган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: