Мурдагы президент Роза Отунбаева, саясатчы Феликс Кулов жана 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин пайдасына сотто көрсөтмө беришти.

Орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион АКШ доллар алган деп шектелип жаткан Өмүрбек Текебаев боюнча кезектеги соттук жыйын 13-июлда болуп өттү.

Бул күнү 2010-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Текебаевдин адвокаттары чакырышты.

Биринчи көрсөтмөнү Убактылуу өкмөттүн төрайымы, мурдагы президент Роза Отунбаева берди. Анын биринчи билдирүүлөрүнүн бири болуп Текебаевге каршы иштин «саясий» экени айтылды.

«Мага бул иш саясий атаандаштардын бири-бири менен соттошушу жана саясий козголгоң иш экени белгилүү», — деди ал.

Андан кийин жактоочу тараптын көрсөтмөлөрү Текебаев 2010-жылдын 13-май жана 21-декабрь күндөрүндө каякта болгондугунун үстүндө сөз жүрдү. Маевский өз көрсөтмөсүндө ал күндөрү саясатчы менен жолукканын айткан.

Текебаев 2010-жылдын 12-июлунда Убактылуу өкмөттүн орун басары болгон, ал эми 2010-жылдын 10-октябрында парламенттин бешинчи чакырылышы түзүлгөндө «Ата мекен» партиясынан депутат болуп шайланган.

Отунбаеванын көрсөтмөсүнө ылайык, 2010-жылдын 13-майында Текебаев Маевский менен жолуга алмак эмес, анткени Кыргызстандын түштүгүндө «абал курчуп кеткен», ал кезде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү абалды турукташтыруунун үстүндө иштеген.

Отунбаеванын айтымында, ал кезде Текебаев түштүктүн бийликтери менен болгон сүйлөшүүлөргө жоопкер болчу жана «эч ким эч жакка чыккан» эмес. Отунбаева Маевскийдин оппозиционер менен ошол күнү жолугушкандыгына ишенбейт.

Жактоочу тараптын 2010-жылы парламентке депутат катары келген күбөлөрү Феликс Кулов, Сайдулла Нышанов, Наталья Никитенко Текебаевдин сотунда экинчи талаш-тартыштуу күн (2010-жылдын 21-декабры) боюнча көрсөтмөлөрүн беришти.

Анын артынан мурдагы депутат Феликс Кулов чыгып сүйлөдү. Куловдун айтымында 2010-жылдын 21-декабрында Текебаев өзүнүн кабинетинде Маевский менен жолуга алмак эмес, анткени ал парламентте жок болчу.

«Ар-намыс» партиясынын мурдагы жетекчиси Куловдун сөзүнө ылайык, ошол күндү ал жакшы эстеп калган, себеби ал парламенттик оппозицияны түзүү боюнча маселер жөнүндө Текебаев менен жолугушуп сүйлөшмөк, бирок ал жумуш ордунда болгон эмес.

«21-декабрда биз Текебаевди издегенге аракет кылганбыз, мен жардамчыларымды жөнөтүп, телефон дагы чалып көрдүк, бирок ал жок деп айтышты. Андан кийин ал келбестигин билдиришти», — деди Кулов.

Текебаев 22-декабрда туулган күнүн белгилейт, Никитенко, Нышанов жана Кулов саясатчыны алдын ала куттукташмак, ошондуктан ал күндү жакшы эстеп калышкан.

Бирок 21-декабр күнү саясатчыны куттукташ үчүн аны жумуш ордунан таппай коюшкан.

Үч депутаттын көрсөтмөлөрү Маевскийдин сөзү менен дал келбейт, анткени ал 2010-жылдын 21-декабрында парламентте Текебаевдин кабинетинде жолугушканын айткан.

Кабинет чаташтыгы

Сот отурумунун экинчи эпизоду боюнча Текебаев менен Маевскийдин биринчи жолугушуусу өткөн ыктымал кабинет тууралуу сөз болду.

Тергөө экспериментинин урунда Маевскийдин адамы Алексей Модин Текебаевге деген акчанын жарымын берээрде жолугушкан кабинетти видеодо көрсөткөн.

Мурдагы Конституциялык кеңешме секретариатынын башчысы Данияр Нарымбаевдин айтымында, Модин көрсөткөн кабинет Текебаевдики эмес, саясатчынын кабинети көрсөтүлгөндөн да «кичинекей» болгон.

Нарымбаев билдиргендей, видеодо ал кезде экономикалык маселелерди караган 2010-жылдагы мурдагы Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары жана учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кабинети тартылган.

«Модин Текебаевдин кабинетинин жанынан өттү. Видеодогу зал Убактылуу өкмөттүн биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаевге тийиштүү болчу. [...] Андан кийин Модин Атамбаевдин кабылдамасына кирди», — деди Нарымбаев.

Жактоочу тараптын кийинки күбөсү, ал кезде 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп турган Эмилбек Каптагаев дагы Модиндин көрсөтмөсүн четке какты.

Анын сөзүнө ылайык, Модин видеодо көрсөтүлгөн кабинет Текебаевдики экенин айтып жаңылышууда.

«Модин кабинеттер бири-бирине жанаша жайгашканы үчүн жаңылышууда, бирок кире бериштери да таптакыр башкача», — деди Каптагаев.

Каптагаев ошондой эле Модиндин Убактылуу өкмөт үйүнө кошумча эшик аркылуу киришкенин четке какты. Күбөнүн билдириминде, митингдер болуп аткан үчүн кошумча эшиктер жабык болгон.

Текебаевдин 2010-жылдагы Маевский менен жолугушуусу

Соттук жыйындын кийинки көрүнүктүү эпизоду Текебаев жетектеген «Ата мекен» саясий партиясынын мүчөсү Сарылбек Бөрүбашевдин көрсөтмөсү болду.

Бөрүбашев билдиргендей, Текебаев 2010-жылдын август айында Маевский менен көрүшкөн. Күбөнүн айтымында, алар Текебаев менен Орусиянын мамдумасынын "Адилеттүү Орусия (Справедливая Россия)" партиясынын депутаттары менен жолугушуу уюштуруу жөнүндө кеп кылышкан.

«Мага Маевский дароо эле жаккан эмес, алдамчы көрүндү. Эч кандай акча, доллар, миллион тууралуу сөз болгон эмес. Сөз бир гана саясат жана Орусия мамдумасынын депутаттары менен жолугушуу жөнүндө болгон. Жолугушуу кыска эле болду жана столдун үстүнөн эч ким өз-өзүнчө эч жакка чыгышкан жок», — деди Бөрүбашев.

Ал эми Текебаев өзү бул жолугушуу болгонун жашырган жок жана ал учурда орус депутаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уюштуруу талкууланган.

Авторлоштору: Жибек Абылбекова, Нуржамал Жанибекова, Регина Им, Алмир Алмамбетов.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: