Текебаев сотто бардык күбөлөр суралып бүтмөйүн, көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев боюнча өтүп жаткан соттук жыйында прокурорлор соттолуучулардан көрсөтмө алууну сунушташты. Бирок адвокаттар менен соттолуучулар биринчи кезекте бардык күбөлөрдөн көрсөтмө алынышы керектигин айтышууда.

Айыптоочу тараптын айтымында, сот бир миллион доллар пара алууга шектелип жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдон көрсөтмө алууну башташы керек.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев менен Чотонов аталган акчаны алып орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылышкан.

«Далилдерди изилдөө үчүн өзгөртүүлөрдү киргизип соттук жараянды улантууну суранам, тагыраак айтканда, соттолуп жаткандардан көрсөтмө ала баштоону. Кошумча башка күбөлөр пайда болсо, алардан дагы көрсөтмө алалы», — деди прокурорлордун бири.

Адвокаттар биринчи кезекте өздөрү тараптан 50 жана айыптоочу тараптан калган эки күбөдөн көрсөтмө алышы керектигин айтып каршы чыгышты.

«Биз белгиленген эрежени бузбашыбыз керек, мен жактаган адам көрсөтмөнү өзү каалаган учурда берет, анткени ага мыйзам жол берет», — деди адвокат Чынара Жакупбекова.

Сот бардык күбөлөрдү сурап бүтмөйүнчө Текебаев көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Мындан тышкары прокурорлор калган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укпай туруп иштин материалдарын изилдей баштоону талап кылышты.

Жактоочулар бул процессуалдык эрежелерди одоно бузгандык экенин айтып кайра каршы чыкты.

Сот Айбек Эрнис уулу эки тараптын оюн угуп, эгерде күбөлөр сотко келбесе иштин материалдарын изилдөөнү кийинки соттук жыйында баштоо чечимин кабыл алды.

Ошондой эле сот күнөө коюп жаткан үч күбөнү сураганга үлгүрдү, бирок Текебаев боюнча алардан жаңы көрсөтмөлөрдү ала алган жок. Дагы бир күбө ооруп калгандыгына байланыштуу сотко келбегендиктен прокурорлор анын көрсөтмөсүн угузушту.

Адвокаттар айыптоочу тараптан калган эки күбөнүн сотко келишин же болбосо алардын сотко катыша албай тургандыгы боюнча далил келтирүүсүн талап кылууну улантышууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: