Бул жумада Бишкекте 23 жаштагы футболчулардын арасында Азия чемпиондугунун тандоо таймаштары өтөт. Анын экөөсүндө Кыргызстандын курамасы ойнойт.

Эмне деген турнир?

Азия чемпионатынын 23 жаштан жогору эмес футболчулардын арасында (же U-23 Азия чемпионаты) таймаш кийинки жылдын январь айында Кытайда өтөт.

Тандоо таймаштарынын жолугушуулары ушул жылдын 15-июлунда башталган, ал эми Кытайга жолдомо алгандардын жыйынтыгы 21-июлда белгилүү болот.

Жалпысынан тандоо таймаштарына 10 топко бөлүнгөн 39 курама катышат.

Кыргызстан ким менен ойнойт?

Бир тайпаны эске албаганда, бардык тайпаларда төрттөн команда бар. Бир эле А тайпасына Кыргызстан, Иран менен Омандан турган үч курама кирген.

Эмне үчүн А тайпасынын бардык оюндары Бишкекте өтөт?

Азия аймагындагы жаштар турниринде каражатты үнөмдөө максатында топко кирген бардык курамалар бир шаарда чогултулат. Чогулган курамалардын бардык тандоо оюндары ошол шаарда өтөт.

А тайпасына кирген Кыргызстан бардык матчтарды Бишкекте ойнойт.

Бишкек мындай деңгээлдеги таймаштарды биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Мисалы 2015-жылы Кыргызстандын борборунда U-16 Азия чемпиондугуна кирген топтордун биринин бардык тандоо таймаштары өткөн.

U-16 Азия чемпионатынын Бишкектеги тандоо турнирни, сентябрь 2013 -жыл.

 

Турнирдин финалдык баскычына ким өтөт?

Турнирдин финалдык баскычына топтун ичинде биринчиге чыккан 10 курама команда өтөт.

Дагы беш жолдомо экинчи орунга чыгып мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган командаларга берилет. Аларды оюн учурунда топтогон упай, киргизилген голдоруна карап салыштырышат.

Ал эми он алтынчы өлкө болуп Азия чемпиондугун өзүнүн аймагында кабыл алып жаткан Кытай курамасы болот.

Аталган турнир эмнеси менен маанилүү?

Бул турнир эркектер балдар арасында маанилүүлүгү боюнча АФК курамалары үчүн экинчи болуп турат.

Буга чейинки чемпионат 2016-жылы Катарда болуп өткөн. Ошондогу оюндарда биринчи жолу алдыдагы эң мыкты командаларга Олимп оюндарына жолдомо берүү чечими чыккан.

Бирок чындыгында 2018-жылы өтө турган турнирде ушундай эле белектерди мыкты командалар алабы-жокпу белгисиз, анткени Олимп оюндары жаштар арасындагы Азия чемпионаттарына салыштырмалуу аз өтөт.

U-23 Кыргызстан курамасынын машыгуусу, 2017-жылдын июлу.

Кыргызстан мурдагы Азия чемпионаттарында кандай ойногон?

Кыргызстан эч качан «улуулар» арасындагы негизги Азия чемпионаттарында жеңишке чыкпай, тандоо турларынан эле четтеп калчу.

U-23 чемпионаттарында деле Кыргызстан ийгилик жарата элек.

Өлкөнүн Азия чемпионаттарынын финалына чыга алган жалгыз команда — бул Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курамасы.

Квалификациялык баскычында топтун арасынан биринчи орунду алуу менен кыргызстандыктар 2016-жылдагы U-16 Азия чемпионатынын финалдык таймашына чыга алган. Анда алар биринчи матчта сенсациялуу түрдө Австралия курамасын жеңишкен.

Адилет Каныбеков U-16 Азия чемпионатында Австралия курамасынын дарбазасына киргизген голуна сүйүнүп жаткан учуру.

Бирок Кыргызстан тайпалык баскычтарда калган эки матчда утулуп, чейрек финалга чыга албай калган.

Мыкты, сиз мени ынандырдыңыз. Мен оюнга барам. Каякка жана канчада?

A тобундагы квалификациялык матчтар Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков (мурдагы «Спартак») атындагы стадиондо 19-21-23-июлда болот. Билеттин баасы 150 сом турат жана ал билет менен бардык боло турган үч матчка тең кирүүгө мүмкүндүк берилет.

Ал эми Kloop.kgнин төрт кабарчысы стадиондун өзүнөн түз тексттик трансляция жүргүзүшөт.

Оюндардын жадыбалы:

19-июль, 19:00

Кыргызстан — Иран

21-июль, 19:00

Оман — Кыргызстан

23-июль, 19:00

Иран — Оман

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: