Кыргызстандын жүздөрү ливандык фотографтын сүрөттөрүндө

Ливандык Омар Реда айыл жергесинде жашаган кыргызстандыктардын бир катар сүрөттөрүн тарткан. Ага саякаттаган абдан жагып калгандыктан Кыргызстанды сөзсүз бара турган жер деп атаган.

«Кыргызстан Борбор Азиянын кымбат баалуу ташы. Эгерде силер айыл жергесине барып калсаңар, айлананын көркүнө суктанасыңар. Айланада жалаң жашыл дөбө менен тоолор бар; Windowsтун иш столундагы сүрөттөрдүн арасында басып жүргөндөй болосуң», — деп жазган Реда өзүнүн Bored Panda булагындагы жеке блогунда.

Фотографтын айтымнында, кыргызстандыктар катаал жашоо шартына карабастан аны ток пейил жылмаюу менен тосуп алып жатышкан. Барынан да кыргызстандыктардын көздөрү анын эсинде калган, алардын көздөрүнөн ал аруулук менен жөнөкөйлүктү көрө алган.

«Кыргызстан сөзсүз түрдө бара турган жер. Бул жакта жылкылар үйүр-үйүрү менен кең жашыл талаада чуркап жүрүшөт. Силер музейде же мейманкаларда көрүп жүргөн сүрөттөргө жан киргендей сезилет. Силер качан гана артка кайтып кеткенде, кайра келип өмүр бою ал жакта калып жашагыңар келет», — деп жазган Реда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: