Бабанов премьер-министрлик кызмат үчүн президенттик шайлоодон баш тартпайт

Президенттик жарышка ат салышып жаткан парламент депутаты Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик кызмат үчүн шайлоодон өз талапкерлигин алып салбай турганын билдирди.

Бабанов президенттик шайлоодон талапкерлигин алып сала турганы боюнча маалыматтарды төгүндөдү.

«Мени премьер-министр болот деген маалымат бар. Ал менин атаандаштарымдын арасында таратылып жатат. […] Элде "корксоң, чечим кабыл алба, баштасаң, аягына чейин бар" деген сөз бар. Мен өлкө президенттигине ат салышууну чечтим», — деди ал.

Саясатчынын оюнча, таратылып жаткан маалымат — бул анын атаандаштары тарабынан чыгарылып жаткан кара пиар.

«Кара пиар бир, эки же үч күнгө чейин созулушу мүмкүн, бирок өлкөбүз кичинекей. Эгерде атаандаштар кара пиар менен алектене беришсе, анда сотко беребиз», — деп билдирди Бабанов.

Мурдараак жаңы премьер-министрди шайлоо үчүн парламент 21-августта кезексиз жыйынга чогула турганы кабарланган. Учурдагы премьер-министр жана министрлер кабинети КСДП өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке көрсөткөнү үчүн кызматтан кетиши керек.

Шайлоо 15-октябрда өтөт. БШКга 50дөн ашуун киши талапкерлигин көрсөтүп арыз жазган. Талапкерлерди каттоо 31-июлда аяктайт.


ТЕМА БОЮНЧА: