Кыргызстандыктар Казакстанда триатлон боюнча чемпионатта алты медал жеңип алышты

Казакстандын триатлон боюнча ачык чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын жана үч күмүш медал жеңип алышты.

Таймаш үч баскычта өттү: Биринчи 1,9 чакырымга сууда сүзүп жарышуу, экинчиде 90 чакырымга веложарыш жана 21 чакырым чуркоо.

Аталган биринчиликте Кыргызстандын атынан ар кандай жаштагы 20 спорт чебери катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгына ылайык, 18-29 жаштагылардын арасынан алтын медалды кыргызстандык Александр Трнебунов жеңип алды. Юлия Фернас 30-39 жаш курактагылардын арасынан мыкты деп табылып, улуттук кураманын куржунун абсолюттук даражадагы күмүш медал менен толуктады.

Ошондой эле, Андрей Ханадеев 40-49 жаштагылардын ичинен маарага биринчи жеткен. Ал эми 30-39 жаштагы спортчулардын арасынан Айзада Тыналиева менен Чыңгыз Алканов күмүш медал жеңип алышты.

Таймашта Кыргызстан, Казакстан, Украина жана Орусиядан келген 100гө жакын спортчу күч сынашып, байге фонду 15 000 АКШ долларын түздү.

Сүрөт: Иллюстративдик/Getty Images

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: