БШКнын, министрликтердин жана сот имараттарынын алдында митинг уюштурууга тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту БШК, Министрликтер жана сот имараттарынын алдында каршылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды. Тыюу 1-августтан тартып 20-августка чейин созулат.

Сотко митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу боюнча жолдомону Ички иштер министрлиги жөнөткөн. Азырынча кайсыл себептер боюнча тыюу салынганы белгисиз. Материал жарык көрөөр алдында ИИМ менен Биринчи май райондук соту комментарий берүүгө жеткиликсиз болушту.

Тыюу салганга чейин Бишкектин биринчи май райондук сотунун алдында эки оппозициячынын Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары каршылык акцияларын өткөрүшкөн.

Оппозициянын өкүлдөрүнүн айтымында, бийлик мындай чараларды колдонуу менен жарандардын митингдердин жардамы аркылуу укуктарын коргоого жолтоо болууда.

«Алар Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтарынын жана элдердин каарынан коркуп жатышат. Элдер ачык түрдө акыйкат сотту талап кылышкан. Башмыйзам боюнча алар митинг өткөрүүгө укуктуу», — деди «Ата мекен» партиясынын өкүлү Асия Сасыкбаева Kloop.kgге курган маегинде.

Жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары сот имаратынын алдында митинг өткөрүүгө каршы арыз жазышкан.

«Чогулган адамдар жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына чоң ыңгайсыздыктарды жаратышууда. Чогулган жарандар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшүүдө, микрофондор менен сүйлөшүп, ызы-чуу салып, айлананы булгашууда», — деп айтылат арыздардын биринде.

Жашоочулардын айтымында, митингге чыккандар жолду бууп, алардын үйлөрүнө баруусуна тоскоол болушууда. Мындан тышкары, тургундар каршылык акцияларына чыккандарды жакын үйлөрдүн бирине жакын жерге заара ушатып жатканын айтып арызданышкан.

Сүрөт иллюстративдик, Даниль Усманов.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: