Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында чоң жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгына кабылган маршруттук такси менен жеңил машинада 18 адам болгон. Тогуз адам ооруканага жеткирилип анын ичинде алты өспүрүм бар.
Маалымат саат 17:18 жаңыртылды.
«Фольксваген» кичи автобусу «Мазда» үлгүсүндөгү машина менен 3-август күнү эртең менен сүзүшкөн.
Кичи автобуста Өзбекстандан 13 адамды түзгөн бийчилер тобу келе жаткан, ал эми «Мазда» автоунаасында 5 жүргүнчү болгон.
Маршруттук такси Бишкекти көздөй, ал эми «Мазда» автоунаасы Чолпон-Атага кетип бара жаткан. Жол кырсыгы Балыкчы-Каракол жолунун 17-чакырымында болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруканага ар кандай жараттары менен 9 адам жеткирилген, алардын ичинде 6 өспүрүм бар. Калган жабырлануучуларга окуя болгон жерден жардам көрсөтүлгөн.
Милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.
Сүрөт: Super.kg
Которгон Алмир Алмамбетов
ТЕМА БОЮНЧА:
- Ысык-Көл: Беш кишиден турган үй-бүлө жол кырсыгына учурап, энеси баласы менен көз жумду
- Ысык-Көл: Айдоочу эки кайгуулчуну коюп кетти