Ысык-Көл: 18 адам учураган жол кырсыгында каза тапкандар жок

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында чоң жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгына кабылган маршруттук такси менен жеңил машинада 18 адам болгон. Тогуз адам ооруканага жеткирилип анын ичинде алты өспүрүм бар.

Маалымат саат 17:18 жаңыртылды.

«Фольксваген» кичи автобусу «Мазда» үлгүсүндөгү машина менен 3-август күнү эртең менен сүзүшкөн.

Кичи автобуста Өзбекстандан 13 адамды түзгөн бийчилер тобу келе жаткан, ал эми «Мазда» автоунаасында 5 жүргүнчү болгон.

Маршруттук такси Бишкекти көздөй, ал эми «Мазда» автоунаасы Чолпон-Атага кетип бара жаткан. Жол кырсыгы Балыкчы-Каракол жолунун 17-чакырымында болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруканага ар кандай жараттары менен 9 адам жеткирилген, алардын ичинде 6 өспүрүм бар. Калган жабырлануучуларга окуя болгон жерден жардам көрсөтүлгөн.

Милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Сүрөт: Super.kg

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: