Адвокат Ольга Динзе коргоого алган адамы Азимов менен жолуккандан кийин мыйзамсыз ТИЗОдо кармалган

«Лефортово» ТИЗОнун кызматкерлери адвокат Ольга Динзеден жана Питер метросунда терракт уюштурууга катыштыгы бар деп шектелип жактоочунун коргоосуна алынган Акрам Азимов менен жазышкан каттарын коркутуп «алып алганга» аракет жасашкан. Мурдараак Акрам Азимов ФККнын кызматкерлери күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн катуу кыйнашканына арызданган.

Акрам Азимовду коргогон адвокат Ольга Динзе Азимов отурган ТИЗОнун кызматкерлери тараптан ага карата кысым болгонун билдирди.

Анын айтымында, ТИЗОдо жолушугушканда Азимов кылмыш иши боюнча өз көз карашын билдирген маалыматты адвокатына кагазга жазып береген.

«Бул учурда ТИЗОнун кызматкерлери кирип келип менин коргоого алган адамым жазып берген нерсени берүүнү айтышты. Мен баш тарттым. Биз бул жазууларды жаза аткаруу кызматынын жумушчуларына бере албайбыз, анткени алар өз кезегинде бул маалыматты ФККнын кызматчыларына берип коюшат», — деди Динзе Kloop.kgге курган маегинде.

Мындан кийин ТИЗОнун кызматчылары адвокатты имараттын ичинен төрт саат чыгарбай, бардык жазууларды берүүнү талап кылышкан. Алар ТИЗОдогу бардык кат алмашуулар анын администрациясы тарабынан цензурага алына турган мыйзамга таянып жүйө келтиришкен.

«Мындайча айтканда алар мени камап коюшту. Алар мени документти өткөрүп берүүм үчүн чагым кылып жатышты», — деди Динзе.

Бирок бул убакыттардын ичинде адвокат өзүнүнүн коргоп жаткан адамы Азимовдун уруксааты жок тергөө изоляторунун кызматчыларына кагаздарды берүүдөн баш тартып жаткан.

«Адвокаттык мыйзамга ылайык, өзүм коргоого алган адамымдан алган бардык маалыматтарды бир гана анын уруксааты менен үчүнчү тараптагы адамдарга беришим мүмкүн. Ал мага мындай уруксаат берген эмес», — деди Динзе.

Жыйынтыгында Азимовдун каттарын анын адвокатынан ала алышпай, ТИЗОнун кызматкерлери Динзеге каршы «администрациянын талабын аткарбоо» боюнча актын түзүп, аны Орусиянын Башкы прокуратурасына жөнөтүшкөн.

ТИЗОнун кызматкерлеринин айтымында, алар болгону айыпталуучу адвокатка берген «белгисиз жазуулар» менен таанышкылары келген.

Ал эми Динзе өзү ТИЗО кызматчыларынын аракеттерин даттана тургандыгын белгиледи.

Динзенин айтымында, анын коргоого алган адамын физикалык жактан кыйнашпаганы менен ага карата дагы деле психологиялык кысым көрсөтүлүүдө.

«Алар бардык нерселерди кылышы мүмкүн. Менин кардарым коргоого алынган эмес. Бирок азыркы учурда аны штрафтык изолятор менен коркута башташкан. Мен андан аягына чейин барууга даярсыңбы деп сураганда, ал даярмын деп жооп берди», — деп жыйынтыктады сөзүн Динзе.

ФККнын «жашыруун түрмөсүндөгү» кыйноо

Өткөн жумада бир тууган Азимовдордун адвокаттары алардын коргоо алган кардарлары ФККнын «жашыруун түрмөсүндө» күнөөнү моюнга алдырүү үчүн кыйноого дуушар болушканын билдиришкен.

Акрам Азимовдун адвокаты Ольга Динзенин айтымында, анын коргоого алган адамын жалгыз камерада кармап, тамак-аш бербей жана электр тогунун кубаты менен күнөөнү моюнга алдырган көрсөтмөлөрдү "уруп чыгарышкан".

Бир канча күн өткөндөн кийин бир туугандардын бири Аброр Азимов ФККнын кызматчылары тарабынан көрсөтүлүп жаткан кысымдардын айынан кыйноолор боюнча берген көрсөтмөсүнөн баш тартууга «мажбур» болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург метросундагы терракты уюштурууга катыштыгы бар деп шектелип жатышкан бир тууган Аброр менен Акрам Азимовдор Кыргызстанда туулушкан.

Жардыруунун натыйжасында 16 адам набыт болуп, дагы жүздөйү жабыр тартышкан. Тергөө террактын уюштуруучусу деп Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалиловду эсептөөдө.

Сүрөт Фейсбук.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: