Питер метросун жардырууга катыштыгы бардыгын моюнга алдыруу үчүн Акрам Азимовду кантип кыйнашкан?

Акрам Азимовдун адвокаты Ольга Динзе анын коргоого алган адамы абдан «катуу» жана «адам чыдагыс шартта» кармалганын айтып берди, анткени андан агасына каршы Питер метросун жардырууну уюштурганы боюнча кыйнап көрсөтмө алгылары келген. Динзе орус бийлигинен Азимовду мыйзамсыз түрдө Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) «жашыруун түрмөсүндө» кармагандарга каршы кылмыш ишин козгоону талап кылууда.

Ольга Динзенин айтымында, анын коргоосундагы Акрам Азимовду жылаңачтантып бетондон салынган бөлмөдө кармашкан. Азимов сыз бетондо уктаганга мажбур болгон.

Адвокат Ольга Динзе рассказала о пытках братьев Азимовых.

Адвокат Ольга Динзе рассказала о пытках братьев Азимовых. В России их обвиняют в организации взрыва в питерском метро: https://kloop.kg/blog/2017/07/27/advokat-fsb-zastavila-abrora-azimova-otkazatsya-ot-zhalob-na-pytki-v-sekretnoj-tyurme/

Posted by Kloop on Wednesday, August 2, 2017

«Ал заараны заң толгон 5 литрлик желим бөтөлкөгө гана ушата алган. Заңды көрүп анын көңүлү айланчу. Ажаатканага ал белгилүү бир себептерден улам бара алган эмес. Албетте ошол себептүү ал дайыма кусундуларды калтырган», — дейт адвокат.

Динзе ошондой эле, Азимовго суу бербей электр тогу менен кыйнашканын билдирди. Ал коңшу камерадан кыйноого алынып жаткан өз агасынын кыйкырыктарын уккан.

Адвокаттын айтымында, ФКК кызматкерлери өздөрүнүн бетин жашырбай эле Азимовго психологиялык жактан кысым көрсөтүп шылдыңдашкан.

«Алар Орусиянын патриоттору экенин билдиришкен. Менин коргоого алган адамымдын сөзмө-сөз айтканына караганда, алар "Ар кандай чуркаларга Орусиянын аймагында орун жок" деп айтышкан"», — деп түшүндүрдү адвокат.

Анын айтымында, суракты Акрам Азимовду кыйнаган ФККнын ошол эле кызматкерлери алган. Алар Азимовду кыйнап анын агасы Аброрго каршы көрсөтмөнү жаттатууга аракет кылышкан.

«Буга чейин аны кыйноого алган ФККнын ошол эле кызматкерлери ага кандай көрсөтмө берүү керектигин буйрук кылышкан. Ушундай жагдайда дайындалган адвокат ФККнын кызматкерлери менен тергөөчүгө менин жактоого алган адамымды психологиялык жактан кысымга алууга жана алардын ойлоруна келген ар кандай нерселерди кылууга мүмкүндүк берген», — дейт Динзе.

Ольга Динзе коргоосу алдындагы Азимовдун арызын Башкы прокуратурага жөнөттү.

Адвокат өзүнүн кайрылуусунда, бир канча күн созулган кыйноолордон кийин Акрам Азимов чыдай албай калгандыктан, бардык документтерге кол коюп бергенге даяр абалга келип калганын жазган.

Катта айтылгандай, ФККнын кызматкерлери тергөөнүн версиясы боюнча террактын уюштуруучусу деп айыпталып жаткан Акбаржон Жалилов менен менин коргоого алган адамымдын ортосундагы байланышты аныктоо үчүн, Азимовду психологиялык жактан кысымга алышып коркутуп үркүтүшкөн.

Биринчи жолку арыздануу эмес

Ошондой эле Акрамдын агасы Аброр Азимов дагы кыйноого дуушар болгону боюнча арыз жазып, бирок эки күндөн кийин андан кайра баш тарткан.

Аброр Азимовдун адвокаты Дмитрий Динзенин айтымында, арыздан баш тартууга ФККнын кызматкерлери себепкер болгон.

Адвокат Дмитрий Динзенин айтканына ылайык, ФККда Аброр Азимовду жана анын «бир туугандарын» жок кылууну коркутушуп дооматтан баш тартуу арызын жазууга мажбур кылышкан.

Ольга Динзенин айтымында, Акрам Азимов 2017-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандын УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында гайморит оорусунан дарыланып жаткан учурда кармалган. Ал ФКК өткөрүлүп берилип Москвага алынып келинген.

Төрт күн өткөндөн кийин 19-апрелде ФКК Москванын аялдамасында Азимовду ыктымал колго түшүргөн видео тасмасын жарыялаган.

Азимовдордун кыйноого алынышы боюнча биринчи болуп «Репаблик» басылмасы жазып чыккан. Алардын маалыматы боюнча, Азимовдорду Москванын түштүк-батышында жайгашкан ФККнын «жашыруун түрмөсүндө» кыйноого алышкан. Ошондой эле, аталган жерде орун алган кыйноолорго арыздангандардын ичинен Азимовдор биринчи эмес.

Орус бийлиги бир тууган Азимовдордун «жашыруун түрмө» жөнүндө «Репаблик» басылмасына жарыяланган арыздануусуна расмий комментарий бере элек. Орусияда адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу Татьяна Москалькова мындай түрмө бар экенине ишенүүдөн баш тартты.

Бирок мурдараак Орусияда «жашыруун түрмө» бар экенин «Сапсанды» жардырууга аракет кылып соттолушкан Ислам Хамжуев менен Мансур Адилбаев жана полковник Юрий Будановдун өлүмү боюнча кесилген Юсуп Темерханов дагы билдиришкен.

Санкт-Петербург метросундагы терракт 3-апрелде болгон. Жарылуунун натыйжасында 16 адам набыт болуп, дагы жүздөйү жабыр тартышкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: