ИМнин өкүлдөрү тажик аскер башчысы Гулмурод Халимовдун өлүмүн четке кагууда

Ислам мамлекетинин тажик аскерлери аудио жазуу таратышкан, анда ИМнин аскер башчысы Гулмурод Халимов тирүү экени айтылат. Ошондой эле алар Мосулдан кол жууп калышканын тастыкташып, «бул дагы акыркысы» эмес деп айтышкан.

ИМнин өкүлдөрү Парвиз Саидрахмонов менен Тожиддин Назаров аудио кат жарыялашкан, катта алар ИМнин тарапташтарын Гулмурод Хакимовдун өлүмүнө ишенбөөгө үндөшкөн.

Аудио кат 23-июль менен 3-августта аскерлердин сайтында пайда болгон. Аудио жазуу качан жана кайсы жерде жазылганы белгисиз.

Маектин үзүндүлөрүнө караганда, аудио жазуу Ирак армиясы Мосул шаарын бошоткондон кийин жазылган.

Саидрахмонов менен Назаров шаарды жоготушканын тастыкташып, бирок «бул дагы акыркысы» эмес деп кошумчалашкан.

Мурдараак маалым болгондой, Гулмурод Хакимов соңку айларда Мосулда болуп абадан урулган соккулар учурунда өлтүрүлгөн.

Тажик бийлиги анын өлүмүн расмий тастыктай элек.

Гүлмурод Халимов деген ким?

Халимов Тажик милициясынын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн башчысы, ИИМнин жогорку академиясынын бүтүрүүчүсү жана улуттук гвардиянын аскер кызматкери болгон.

Гулмурод Халимов 2015-жылы Сирияга качып кеткен.

Халимов 2015-жылдын май айында видео кайрылуу жасап Тажик бийлигин «мусулмандарды кысымга» алуу боюнча күнөөлөп, мекендештерин «кафырлардын эмес Аллахтын кулу» болууга үндөгөн.

Ал Тажикстанга кайтып келип ал жакта халифат орнотууну убада кылган.

Халимов эл аралык издөөгө жарыяланган. Американын Кошмо Штаттары анын жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 3 миллион АКШ доллар сый акы убада кылган.

Көптөгөн ЖМКлар 2016-жылдын июлунун ортосунда Интерпол Халимовду издөөгө алынгандардын тизмесинен өчүрүп салганын билдиришкен. Ал эми Интерпол өзү бул маалыматты четке каккан.

Аскердин үй-бүлөсүнүн жарымы анын артынан кеткен. 2017-жылдын май айында атайын кызмат Сирияга атасына кетүүнү каалаган Халимовдун баласын кармаган.

Июль айында милиция Гулмурод Халимовдун эки небереси менен эки бир тууганын өлтүргөн. Алар дагы Тажикстандан чыгып кетүү аракетин жасашып, милиция менен салгылашуу учурунда окко учушкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: