Бабанов БШКга беш басылма боюнча арызданып кайрылды

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы Боршайкомго беш кыргыз маалымат басылмасын жалганчылыкка айыптап арыз менен кайрылды.

Бабановдун штабынан Kloop.kgге билдиришкендей, алар Боршайкомго беш кыргыз маалымат булагына каршы арыз менен кайрылышкан. Алар argument.kg, gezitter.org, chagylgan.kg, tikenek.org жана 24.kg.

Шайлоо штабынын кызматкерлеринин айтымында, аталган басылмалардын макалалары Бабановду жаманатты кылат.

Арызга ылайык,  argument.kg менен gezitter.org басылмалары «Өмүрбек Бабанов мамлекеттик тил комиссиясын канчага сатып алган?» деген аталышта макала чыгарган. Бул макалада талапкердин штабы кылмыш кылууга айыптоону көрөт.

«Мындайча айтканда Бабановду мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүн жана мамлекеттик тилди канчалык денгээлде билгендикти аныктаган эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн сатып алууга күнөөлөшүп иш жүзүндө жазага тартылуучу кылмыш жасагандыгы боюнча айыпташкан», — деп айтылат арызда.

Президенттикке талапкердин өкүлү Эрик Ирискулбековдун айтымында, макала Бабановдун ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет. Ошондой эле, Ирискулбеков макала чындыкка дал келбестигин жана шайлоочулардын мамилесине таасир этиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Бабановдун өкүлдөрү chagylgan.kg жана tikenek.org сайттарына арызданышкан, анткени алар дагы ошондой сыяктуу эле «Күрдистандын жумушчулар партиясы Бабановду каржылашы мүмкүнбү?» деген аталыштагы макала чыгарышкан.

Талапкердин штабы бул макала экстремизмге карата текшерилиши керектигин эсептейт, анткени алардын пикиринде «маалымат өзүнө социалдык, рассалык, улуттук жек көрүүнү жана Бабановго карата кастыкка чакырууну камтыйт».

Штабдын кызматкерлери Боршайкомду маалыматты жалган деп таап argument.kg, gezitter.org, chagylgan.kg, tikenek.org басылмаларын макалаларын өчүрүп жана төгүнгө чыгарууну милдеттендирүүнү суранып жатышат.

Андан соң талапкердин штабы аталган төрт сайттын кызматкерлерин жалган маалымат тараткандыктары боюнча жоопкерчиликке тартуу максатында арыздарды прокуратурага өткөрүп берүүнү каалайт.

Бешинчи арыз 24.kg басылмасына тийиштүү. Бул макалада президенттикке башка талапкер жана мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Бабановду өзүнүн колдоосуна кол белгилерди сатып алып жатат деп айыптаган.

Штабдын өкүлдөрү Акундун билдирүүсүн дагы жалган деп эсептеп маалыматты өчүрүүнү талап кылышкан.

Бабановдун өкүлдөрү БШК Акунду өз билдирүүсү үчүн жоопкерчиликке тартап деп үмүттөнөт.

Боршайкомдо Kloop.kgнин кабарчыларына азырынча бул арыз боюнча комментарий бере албайбыз деп айтышкан, анткени биринчи кезекте жумушчу топ бул арызды карап чыгышы керектигин билдиришкен.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: