Мамлекеттик кадр кызматы министрлердин жана алардын жакын бир туугандарынын мүлктөрү жана кирешеси боюнча маалыматты ачыкка чыгарды. Алар эмнелерге ээлик кылышат?

Декларациядагы маалыматка ылайык, эң бай аткаминер транспорт министри Жамшитбек Калилов. 2016-жылда ал 1,5 миллион сом тапкан.

Ал эми өкмөттүн эң эле кедей мүчөсү айыл чарба министри Нурбек Мурашев. Мурашев 2016-жылга карата 50 миң сом тапкан, бирок бул анын кызматка өткөн жылдын ноябрь айында гана киришкени менен түшүндүрүлөт.

Министрлердин кирешеси боюнча кененирээк тизме:

Жамшитбек Калилов (транспорт министри)

Өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн арасынан Калилов эң көп 1,5 миллион сом киреше тапкан. Айлык маянасынан тышкары, ал аянты 260 чарчы метрди түзгөн курулуш менен 350 чарчы метрди камтыган пионер-лагерьге ээлик кылат. Ал эми анын жакын биртууганын кирешеси 520 миң сомду түзгөн.

Гүлмира Кудайбердиева (билим берүү министри)

Министрдин 2016-жылдагы бир жылдык кирешеси 1,1 миллион сом. Кудайбердиеванын аянты 93 чарчы метрди түзгөн жалгыз батири бар.

Уран Ахметов (юстиция министри)

Министр Ахметовдун кирешеси билим берүү министриники менен бирдей 1,1 миллион сомду түзгөн, анын ичинен 993 миң сому стипендия. Ал эми аткаминердин жакын бир тууганы 340 миң сом насыя алган жана 2003-жылы чыгарылган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машинасы бар.

Эрлан Абдылдаев (тышкы иштер министри)

Министр Абдылдаевдин 2016-жылдагы бир жылдык кирешеси 1 миллион сомдон бир аз көбүрөөк. Ал 164 чарчы метрди түзгөн батирге жана шаардын четинде аянты 600 чарчы метрди түзгөн үйгө ээлик кылат. Абдылдаевдин бир тууганынын кирешеси 710 миң сомду түзүп аянты 82 чарчы метр болгон батирге ээ.

Адылбек Касымалиев (каржы министри)

Адылбек Касымалиев 2016-жылы 998 миң сом киреше тапкан. Ушул эле учурда анын жакын бир тууганынын кирешеси 1 161 700 сомду түзгөн. Акча жеке ишкердиктин негизинде табылган. Анын жакын бир тууганы аянты 216 чарчы метр үйгө, чач тарач, тамактануу жай жана жалпы аянты 704 чарчы метрди түзгөн эки жерге ээлик кылат.

Арзыбек Кожошев (экономика министри)

Экономика министри 820 миң сомдон бир аз көбүрөөк акча тапкан. Бул акчанын ичинен 100 миң сомду мугалимдик кесибинин негизинде иштеп тапкан. Ага аянты 70 чарчы метрди түзгөн батир таандык. Анын жакынкы бир тууганын кирешеси 2016-жылы 367 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары аткаминердин бир тууганы аянты 100 чарчы метрди түзгөн батир менен аянты 400 чарчы метр болгон жерге ээлик кылат.

Таалайкүл Исакунова (социалдык өнүгүү министри)

Министр Исакунованын кирешеси 2016-жылы 773 миң сом болгон. Аткаминерге жалпы аянты 123 чарчы метр батир менен 18 чарчы метр унаа токтотуучу жай таандык. Ал «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат. Министрдин жакын тууганынын кирешеси 860 миң сом болгон. Ал ошондой эле жалпы 14 сотукту түзгөн 2 жер менен көп жылдык көчөттөр отургузулган 10 сотук  жерге жана «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү машинага ээлик кылат.

Кубатбек Боронов (өзгөчө кырдаалдар министри)

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун 2016-жылдагы кирешеси 729 миң сомду түзгөн. Анын жакын бир тууганынын кирешеси 483 000 миң сомду түзүп чыгашасы 828 000 миң сомго көп болгон. Кыймылсыз мүлк боюнча маалымат чыккан эмес, бирок «Лексус RX400H» үлгүсүндөгү авто унаага ээлик кылат.

Талантбек Батыралиев (саламаттык сактоо министри)

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 2016-жылы 519 миң сомго жакын каражат тапкан. Ага аянты 236 чарчы метр турак жай таандык. Жакын тууганынын кирешеси жазылган эмес, бирок ага аянты 118 чарчы метр батир таандык.

Түгөлбай Казаков (маданият министри)

Түгөлбай Казаков 433 миң сом өлчөмүндө акча тапкан. Ага 0.05 гектар жер, аянты 48 чарчы метр батир жана шаар четинде 6.8 сотук жер таандык. Казаковдун «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү машинасы бар.

Улан Исраилов (ички иштер министри)

Ички иштер министринин кирешеси 78 миң сомдон бир аз эле көбүрөөк болгон. Себеп дегенде ал декларация тапшырууга бир ай калганда кызматка киришкен. Ошондой эле анын кирешеси жазыла турган жерде «жашыырун» деп белгиленген. Исраиловдун наамына эч кандай кыймылсыз мүлк жазылган эмес, мындан тышкары жакын бир тууганы жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Нурбек Мурашев (айыл чарба министри)

Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин бир жылдык кирешеси эң эле аз. 2016-жылы анын кирешеси 50 миң сомду түзгөн. Мурашев өзү жана анын жакын бир туугандары эч кандай кыймылсыз мүлккө ээлик кылышпайт. Мурашев 2016-жылдын ноябрында кызматка киришкен.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: