Мамлекеттик кадр кызматы парламент депутаттарынын жана алардын жакын туугандарынын кирешелери жана мүлктөрү тууралуу маалыматтарды жарыкка чыгарды. Фракция башчылары эмнелерге ээлик кылышат?

Кирешелер тууралуу маалымат Мамкадр кызматынын сайтында 20-июлда пайда болду. Аткаминерлер менен саясатчылар өз кирешелери жана мүлктөрү тууралуу жыл сайын ачык түрдө отчет берип келишет, ал эми 2016-жылдан бери чыгашалары жөнүндө да эсеп бере башташкан.

Фракция башчыларынын декларацияларындагы маалыматка ылайык, алардын ичинен эң байы (эгерде жакын тууганын кошкондо) — бул «Республика — Ата Журттун» башчысы жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов. Ошону менен бирге эле Бабановдун тууганы 2016-жылда 272 млн сом өлчөмүндөгү каражат короткон.

Фракция башчыларынын арасында «эң кедейи» — «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, ал 838 миң сом иштеп тапкан.

Эң көп жер үлүшүнө социал-демократтардын башчысы Иса Өмүркулов ээлик кылат — ага таандык жердин жалпы аянты 35 футбол талаасына тете.

Фракция башчыларынын мүлктөрү жана кирешелери тууралуу кененирээк:

КСДП, Иса Өмүркулов

Парламенттеги социал-демократтардын башчысы Иса Өмүркулов 2016-жылы эл өкүлү катары эмгектенип, дээрлик 945 миң сом иштеп тапкан. Анын кошумча кирешеси мал жандыктарын сатуунун эсебинен 4,2 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле, Өмүркулов жалпы 25 гектар жер үлүшүнө ээлик кылат, бул 35 футбол талаасына барабар. Декларацияга ылайык, социал-демократтардын башчысынын үйү да, автомобили да жок.

Өмүркуловдун жакын тууганы 2016-жылы жалпы жонунан 353 миң сом иштеп тапкан — анын бир бөлүгүн машина сатып тапса, калган бөлүгүн ишкердик менен алектенип топтогон.

Эл өкүлүнүн тууганы 0,9 гектар жер тилкесине ээлик кылат жана аянты 333 чарчы метр эки жер үйү менен батири бар.

Ошондой эле, Өмүркуловдун жакын тууганына эки эч ким жашабаган аянт жана үч транспорттук каражат жазылган: прицеби менен бир жүк унаасы жана 1995 жана 2014-жылдары чыгарылган эки автомобиль.

«Республика — Ата Журт», Өмүрбек Бабанов

Президенттикке талапкер жана «Республика — Ата Журт» фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов 2016-жылы депутаттык ишинин арты менен бир миллион сомдон бир аз көбүрөөк киреше тапкан. Ал кошумча кирешени банкка акча салуудан таап, ал болжолдуу 6,1 млн сомду түзгөн.

Бабановго 324 чарчы метр аянтты ээлеген үй жазылган. Ага автомобиль жазылган эмес.

2016-жылда Бабановдун тууганы 34,6 млн сом иштеп таап, дээрлик сегиз эсе көп короткон — 272,7 млн сом. Депутаттын тууганы иштеген жеринде дээрлик 2,6 млн сом тапкан. Автомобилдин сатылышынан ал дагы 3,7 млн сом алган.

Бабановдун тууганынын аянты 91,7 чарчы метрди түзгөн батири жана 2012-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автомобили бар.

«Кыргызстан», Алмазбек Баатырбеков

«Кыргызстан» фракциясынын башчысы 2016-жылда депутаттык кызматта 817 миң сом тапкан, ал эми өндүрүштөн тапкан кошумча кирешеси дагы 500 миң сомду түзгөн. Баатырбековго 0,1 гектар жер жазылган.

Депутаттын жакын тууганы аянты 45 чарчы метр болгон батирге жана Lexus RX 300 автомобилине ээлик кылат.

«Өнүгүү-Прогресс», Бакыт Төрөбаев

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев 843 миң сом иштеп тапкан. Депутатка автомобиль жазылган эмес, бирок 180 жана 179 чарчы метрди түзгөн эки үй жазылган.

Депутаттын жакын тууганы өзүнүн негизги иштеген жеринде 102 миң сом тапкан, ал эми дивиденддерден тапкан кирешеси 27 млн сомду түзгөн. Төрөбаевдин тууганынын 0,35 гектар жери жана аянты 385 чарчы метрди түзгөн үйү бар.

«Бир Бол», Алтынбек Сулайманов

Сулайманов депутаттык кызматта 838 миң сом иштеп тапканын отчетто жазган. 2016-жылдагы анын чыгашасы кирешесинен дээрлик он эсе көп болгон — 9,5 млн сом. Саясатчынын 15 сотук жер тилкеси жана 120 чарчы метр батири бар. Депутат 2014-жылы чыккан Mercedes Benz үлгүсүндөгү автомобилге ээлик кылат.

«Ата Мекен», Өмүрбек Текебаев

«Ата Мекен» фракциясынын камактагы башчысы Өмүрбек Текебаев 2016-жылда депутаттык кызматта 987 миң сом тапкан. Саясатчыга эч кандай автомобиль да, кыймылсыз мүлк да жазылган эмес.

Декларацияга ылайык, Текебаевдин тууганы ага караганда бир топ эле бай — 2016-жылда ал ишкердиктин арты менен 4,3 млн сом иштеп тапкан. Саясатчынын жакыны аянты 64 жана 120 чарчы метрди түзгөн эки батирге ээлик кылат.

Аянты боюнча эң чоң кыймылсыз мүлк Текебаевдин тууганына таандык — эч ким жашабаган үйдүн аянты 1 миң чарчы метр. Анын 600 чарчы метрден турган жер тилкеси жана 16,9 чарчы метр унаа токтотуучу жайы бар. Депутаттын тууганы 2005-жылы чыккан Toyota RAV4 автомобилине ээлик кылат.


ТЕМА БОЮНЧА: