Текебаевдин тарапташтары ачкачылык кармоону токтотушту

Президенттикке талапкер жана оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ачкачылык кармоону токтотушту. Мурдараак алар Текебаевди мамлекеттик тил сынагына киргизүү талабын коюшкан, бирок БШК аны тест тапшырууга киргизүүдөн баш тарткан.

Бул туурасында «Ата мекен» партиясынын мүчөсү Айбек Султанкулов «Азаттык үналгысына» билдирген. Анын айтымында, Текебаевдин тарапташтары башкача чара көрүүнү аракет кылышат.

«Ачкачылык кармоону токтоттук. Ал эч бир жыйынтык берген жок. БШК Текебаевди мамлекеттик тил сынагына киргизген жок. Эми биз башкача чара көрөбүз», — деди Султанкулов.

Ачкачылык кармоо 31-июлда башталган, ага беш адам катышып жаткан. Акцияны саясатчынын агасы, туугандары жана саясий биримдиктин бир нече мүчөлөрү жарыялашкан.

Ачкачылык кармоо «Ата мекен» партиясынын Бишкектеги штабында өткөн. Саясатчынын тарапташтары ачкачылык кармоо боюнча БШК Текебаевдин тест тапшыруусуна шарт түзүп бербей койгондон кийин 27-июлда маалымат жыйынында билдиришкен.

Өмүрбек Текебаев коорупция боюнча айыпталып ТИЗОдо отурат, ошондой эле ал келерки шайлоодо президенттикке талапкерлердин бири. Тест тапшыруу президенттик кызматка талапкер катары катталуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт.

Жогорку сот 8-августта мамлекеттик тил сынагын тапшыра албай жаткан Текебаевдин жарандык укуктарын камсыздоо боюнча Боршайком «тийиштүү чараларды көрүүсү» керектиги боюнча токтом чыгарган. Бирок БШК 10-августта саясатчыны сынакка киргизбөө чечимин кабыл алган.

Саясатчынын адвокаты Канатбек Азиз бул нерсени «күтүлгөн эле чечим» болду деген. «Учурдагы бийлик турганда, Текебаевдин президенттик шайлоого катышуусу боюнча мүмкүнчүлүгү өтө төмөн», — деди Азиз.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын февралынан бери ТИЗОдо отурат. Оппозициялык «Ата мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Саясатчы менен анын тарапташтары бул ишти Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо укугунан ажыратуу үчүн атайын саясий буйрук деп сыпатташууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: