БШК Жээнбековдун сөздөрүндө «кызматтык абалын пайдалангандыкты» тапкан жок

Боршайком премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол белгилерин топтоо үчүн кызматтык абалын пайдаланып үгүт эрежелерин бузбаганын билдирди. Мурдараак укук коргоочулар менен саясатчылар президенттикке талапкер Жээнбековду административдик ресурс колдонуп жаткандыгына айыптаган.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Рита Карасартова Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн кызматтык абалын пайдаланганы боюнча далилдерди келтиришкен эмес.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары колдонулганы боюнча далилдер келтирилген жок. […] БШК арызды канааттандыруудан баш тартууну чечим кылды», — деп айтылат Боршайкомдун расмий сайтында.

Рита Карасартова Kloop.kgге курган маегинде, БШКнын чечимин даттануу «маанисиз» деп билдирди.

«БШКдан кийин биз сотко кайрылышыбыз керек, ал эми соттун чечими эч нерсени билдирбестигин Текебаев боюнча сотто көрдүк. Ошондуктан бул маанисиз», — деди ал.

Буга чейин «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» жана президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Рита Карасартова учурдагы премьер министр Сооронбай Жээнбековду шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн «кызматтык абалын» пайдаланууда деп айыпташкан.

Алар БШКдан эрежелерди бузгандыгы үчүн Жээнбековду каттоддон баш тартууну талап кылышкан.

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Шайлоого катышуу каалап 59 талапкер катталды, алардын арасында мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев жана учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бар.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: