Мамлекеттик тил сынагы: Сот Текебаевдин БШКга каршы берген даттануусун четке какты

Бишкектин райондор аралык соту оппозиционер жана президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин БШКга каршы берген арызын канааттандырган жок. Буга чейин Боршайком саясатчынын шайлоого катышуусу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу укугунан ажыраткан.

Сот БШКнын чечимин жокко чыгарууга негиз тапкан жок деп жазат 24.kg басылмасы Өмүрбек Текебаев башкарган «Ата мекен» партиясынын шайлоо алдындагы штабына таянып.

Бишкектин райондор аралык соту жыйынтыгы президенттик шайлоого катышуу үчүн керек болгон Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусу боюнча БШКнын шарт түзүп бербегенинде мыйзам бузуу тапкан жок.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттык» үналгысына райондор аралык соттун чечимин жогорку инстанциядагы Жогорку сотто даттанаарын билдирди.

Текебаев учурда тергөө изолятордо камакта отурат ошого байланыштуу өзү барып мамлекеттик тил сынагынан өтө албайт.

БШКнын мүчөлөрү тергөө алдында отурган президенттикке талапкерлердин тест тапшыруусу жөнүндө мыйзамда нормалар жоктугун негиз кылышууда. Бул нерсе Боршайкомдун Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусуна шарт түзүп берүүгө баш тартуусуна негиз болгон.

Юристтер менен укук коргоочулар соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирмейин талапкер шайлоо укугунан ажырабашы туурасында мыйзамда так жазылганын айтышкан.

Оппозиционер жана президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып жатат, ал 2017-жылдын февралында кармалып ТИЗОдо отурат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Саясатчы бул айыптоолорго макул эмес, ал эми анын тарапташтары бул ишти Текебаев бийлик менен президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий мүнөзгө ээ деп сыпатташууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: