Түркия Кыргызстандагы «Себаттын» окуучуларын киргизүүгө тыюу салышы мүмкүн

Түрк бийлиги кыргыз-түрк «Себат» (учурдагы Сапат) мектептеринин окуучуларын өздөрүнүн өлкөсүнө киргизүүгө тыюу салынып жана алардын визалары жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн билдирди. Билим берүү министрлиги бул билдирүүнү «коомчулук менен анын бийлигине карата кысым» деп атады.

Маалымат 15:11 жаңыртылды

Түркиянын Билим берүү министрлигинин орун басары Орхан Эрдем Түркиянын кызматташуу жана координациялоо агенттигинин жыйынында «Себаттын» бүтүрүүчүлөрү Түркияга киргизилбей калышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Өзүңөрдүн бир туугандарыңарга жана досторуңарга айтып койгула, бул террористтик мектептерге барышпасын. Көптөгөн учурда алардын визалары жокко чыгарылышы мүмкүн. Ошондой эле Түркияда аталган мектептерде окугандардын үй бүлөөлөрүн кабыл алууга кубанычтуу болушпайт», — деди ал.

Түрк бийлиги «Себат» билим берүү мекемелер түйүндөрүн куугунтукталган диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланыштырышууда. Гүлен Түркияда 2016-жылы бийликти оодарууга аракет кылгандыгы боюнча айыпталууда.

«Себат» мекемелер тармагынын басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов Kloop.kgге билдиргендей, алар өздөрүнүн окуучулары менен бүтүрүүчүлөрүнө карата коркунуч пайда болгонун көргөн жок. Басма сөз кызматтын өкүлү Зафарбек Сулаймановдун айтымында, «Себаттын» ("Сапат") бүтүрүүчүлөрү Түркияда эмес Европа, Азия жана АКШда билим алышат.

«Мындай билдирүүлөр биринчи жолу гана болуп жаткан жок. Бүгүнкү күндө биздин окуучуларга карата Түркияга кирүүгө тыюу салынаары боюнча коркууга негиз жок», — деди Сулайманов.

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы түрк тараптын билдирүүсүн «кыргыз коомчулугу менен анын бийлигине карата кысым» деп атады. Алардын айтымында «Сапат» билим берүү мекемелерин Фетхуллах Гүлен негиздегени үчун эле террористтик деп эсептешкени негизсиз.

«"Сапат" мектептерин террористтик уюмдарга теңеп, бул мекемелерде билим алганы үчүн деген гана себептүү анда окугандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция киргизүү туура эмес, ал эми Түркиянын расмий адамдарынын билдирүүсү жоопкерчиликсиз», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

«Себат» Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Учурда «Себаттын» 30 билим берүү мектеби бар, аларда миңдей мугалим иштеп 11 миңден ашуун окуучу билим алат. Түркия Кыргызстанга билим берүү түйүндөрүн жабууну сунуштаган талаптарынан кийин мектептин аталышы «Сапат» деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстандын бийлиги президент Алмазбек Атамбаевди кошуп билим берүү түйүндөрүн жабууга каршы чыгышкан, бирок түзүүчүлөрдүн курамы менен аталышын өзгөрткөн. Мындан тышкары «Сапатка» Кыргызстандын Билим берүү министрлиги дагы ээлик кылып калды.

Түркия Гүленди 2016-жылдын июлундагы мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо. Ал эми диний ишмер өзү бул нерсеге тийиштигин четке каккан.

Гүлен негиздеген «Хизмет» кыймылы Түркияда террористтик уюм деп таанылган, ал эми Фетхуллах Гүлен өзү Америкада бозгунда жашайт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: