Акыйкатчы: Митингдерге тыюу салуу жарандардын укугун бузат

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектин бийлиги митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу менен жарандардын конституциялык укуктарын бузганын билдирди. Акыйкатчы тыюу салууну өзгөртүп же жокко чыгаруу чараларын көрүүгө аракет кылып жатат.

Оторбаев Kloop.kgнин кабарчысына митингдерге каршы тыюу салуу чемимин жокко чыгаруу боюнча чараларды көрө тургандыгын тастыктап, бирок кандай иш аракеттер көрүүлөөрүн ачыктаган жок.

«Биз азыр эмне кылуу керектигин ойлонуп жатабыз», — деди ал.

Акыйкатчы «Азаттык» үналгысына курган маегинде киргизилген чектөөлөр жарандардын эң негизги конституциялык укуктарын бузаарын айтты.

«Албетте, бул туура эмес кадам. Мурдагы бийликтердин кадамдарын эске салат. Сөз эркиндиги менен катар жыйындар эркиндиги адамдын негизги фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет», — деди Оторбаев.

Мурдараак Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 27-июлунан баштап 20-октябрга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

Митинг өткөрүүгө бүткүл Бишкек шаары боюнча эмес айрым жерлерде гана тыюу салынган.

Нааразылык акцияларын өткөрүү «Ала-Тоо» аянтында, парламенттин, министрликтердин жана БШКнын имараттарынын жанында тыюу салынган.

Мындан тышкары, учурда оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук жараян өтүп жаткан Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында дагы нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.

Сотто митингдерге тыюу салуу боюнча чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын кайрылуусунан улам кабыл алынганын түшүндүрүштү.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: